Касым КАИМОВ: «Ак жоолук»
аңгеме
Дубалда илинген календардын барагында 1978-жыл 1-март деп бадырайган жазуу. Толмочунан келген, багалчак бойлуу, буурул чач Алыбек алакандай барактан көзүн албайт. Эртең мененки оокатты даярдап, дасторкондун жанында олтурушкан уулу менен келинине көңүл бурбайт. Тек өзү менен өзү.
Ушул үй, үй-бүлө жана календардын тагдыры тутумдаш. Жыйырма беш жыл мурда, үй жаңы курулуп, актын жыты кете элек дубалдын бооруна календарь биринчи жолу илинген эле. Уулу ошол жылы туулган. Алыбектин өмүр салтына айланган календарды биринчи жолу сатып келип, жаңы бүткөн үйүнүн бооруна кадаган аялы беш жыл мурун, кырк жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Жыйырма беш жыл ичинде канча календарь алмашылды. Жыл, ай, күндөрдүн эсеби калыбында калганы менен, барактардын мазмуну канчалык өзгөрдү. Өзгөрүлгөн нерселер капарга алынбай, биринчи календарь гана эсине өчпөстөй тамгаланды.
Бул үйдө календардын барагын жаңыртуу укугу жалгыз гана Алыбекке ыйгарылган. Ал үйдө болбой калган күндөрү календарга эч ким жолобойт, эски барактары ордунда турат. Үй тиричилигиндеги башка иштерге Алыбек кийлигишпейт. Калгандары уулу менен келининин бийлигинде.
Ушул үйдүн өмүр тарыхын элестеткен календарь бүгүн Алыбекке башка таасир калтырды.
— Өлбөгөн жанга жаз келген экен! — деп койду күбүрөп.
Жаз календарь боюнча келгени менен, жер бети али алачокул, күн суук. Ошондой болсо да жылуулуктун мээримин, азыркы сууктун убактылуу экенин сезген. Алыбектин жүрөгү кубанычтуу. Жылдын башка мөзгили, ал түгүл, жер жүзү гүлгө оронгон жай мезгили ага азыркыдай таасир берчү эмес.
Жаздын алгачкы мээримдүү күндөрү, алачокул тарткан жердин көгү кылтыйып чыгып келатышы анын жүрөгүндөгү; терең катылып, сыртка чыга албай жашырын сырга айланган үмүтүн укмуштай жандандырар эле. Аз убакыт өтпөй күн кадимкидей жылып, алакандай кар калбай, жаз толук күчүнө кирер менен Алыбек тиричиликтин кызыкчылыгы менен алпурушуп, тереңдиги үмүтү купуя бойдон калып, же таттуу максаттан түңүлбөй, же аны биротоло унутпай, турмуштагы тагылган милдетин аткаруу түйшүгү менен алаксып, күндөр тымызын өтө берет…
Анын баарыдан жакшы көргөнү, баарыдан жогору баалаганы — жаз илеби. Ушу кыска мөөнөттүү жаз мээримин көргөнү үчүн жыл мезгилинин бардык учуруна ыраазы. Бүт өмүрүнө ыраазы.
Кыялы чабыттаган Алыбек эмне үчүндүр календарды барактай баштап, 13-март деген орунга келгенде токтоло калды.
13-март — анын туулган күнү, эски эсеп боюнча жаздын башталышы. Алыбек жаздын башталышында туулганына кубанат, сыймыктанат. Бирок ал жөнүндө ушул убакка чейин эч кимге ооз ача элек. Анткени туулган күнүн белгилөө ал үчүн салтка айлана элек.
Адамдын өмүрүндө ар кандай баалуу учурлар бар. Аны жашыруу жарабайт, тескерисинче, мындай маанилүү окуяларды жакын санаалаш кишилер менен бөлүштүрүү парз.
Алыбек үчүн асыл максатты орундатууга жалгыз бойчулук турмуш гана жолтоо. Өз кубанычын жалгыз өзү майрамдамак беле?! Эрди-катынга гана таандык сизимди, жолдошуна же башкаларга кантип айтат. Өмүр жазы менен туулган күндү майрамдоо жөнүндөгү ой ага кырк алты жаш курагында, аялы өлгөнгө бир жыл толгондон кийин гана келди.
Антип-минткиче дагы төрт жыл өткөнүн, мына өзү элүүгө толоруна 13 күн калганын азыр календардан улам эстеди. Жүрөгү селт этти. Элүү. Эр ортону. Жаштыктын арты, карылыктын алды! Уулу менен келини анын кыялын бөлүнүштү кылбоо үчүн дасторкондун жанында күтүп олтура беришти.
Алыбек соңку беш жылдагы өмүрү жөнүндө ойлоду. Ал үчүн кырк бешке чейинки жашы бир тең, кининки беш жылы бир тең сыяктанды. Мурдагы жашы шатыраган жоргонун жүрүшүндөй күрдөөлдүү өтсө, кийинкиси кашаң өгүздүн арымындай саамыктап өтүүдө. Ал өз өмүрү жөнүндө ойлогону менен башкалардын өзү жөнүндөгү пикирин билгени жок.
Эркектердин аягы суюк, жеңилдери болсун, оор басырыктуу, абийирдүүлөрү болсун, кырк жашка чыккандан кийин, өмүрдүн бир белесине көтөрүлгөнүн сезишит, жеңилдери карылыкка жеткиче жыргап-куунап калууга, ал эми оор басырыктуулары өтүп бараткан өмүрдүн бөксөсүн аз да болсо толтуруу үчүн ашыгышкан учурлары болот. Кырк-элүүнүн ортосундагы эркектердин үй-бүлө турмушундагы талаш-тартышы, кыжы-кужусу мына ушундан башталып, анын аягы кээде үй-бүлө турмушунун кыйрашы менен бүтөт.