Касым КАИМОВ: «Ак жоолук»
аңгеме
Алыбек андай жагдайда болбогону менен, өз курагына жана мүмкүнчүлүгүнө караганда айыл-апанын ичинде шек туугуза турган эркектердин бири. Ошондой болсо да жалгыз бойчулук өмүрүнүн таза өткөн биринчи жылын «аялына аза күтүү» — деп жорушту. Бу мөзгилдин ичинде аялына эстелик орнотту, аш берди. Тамаша экинчи жылдан башталмак. Эми үйлөнүүгө, эч болбосо, келин-кыздар менен ойноп күлүүгө жолу ачык. Бирок экинчи жыл да тынч өттү.
«Абийри бүтүн экен — деп ойлошту айылдагылары.— Уулун үйлөнтүп, неберелүү болуп калган неме аял алам деп айтууга оозу барбагандыр, уурулук кылуудан да ошону үчүн уялып жүргөндүр».
Айылдаштары анын нысаптуулугуна, токтоолугуна ыраазы болушту. Үйлөнүү үчүн кеңеш айтышып, а түгүл, кандидатураларды табышып, алардын ким экендиги жөнүндө мүнөздөмө беришти. Бири жаш, бири бир аз карылык кылып, бири көп балалуу, дагы бири чалпоо же болбосо жүдөө. Айтор, ылайыктуу кандидатура аз.
Албетте үйлөнүү жылдан жылга татаалдоодо. Жаштар үчүн татаалдыгы — калыңы оор. Жашамал кишилер үчүн татаалдыгы — аялдын көптүгү, ылайыктуусу жоктугу. Барыдан эр ортосундагыларга кыйын. Аларга калың кеп эмес.
Адатта, эр ортонундагы жесил эркектер көп балалуу, кээси неберелүү. Мындай эркектерге аял көңүлдөнбөйт. Мындай эркектердин издегени отуз-кырк жаштын ортосундагы баласыз аял. Андан жашы жаштык кылып, улуусу карылык кылат. Баласызын каалаганы — эки үй-бүлөнүн баласын боорлоштуруу жана тарбиялоодон кыйын эч нерсе жок. Андан көрө туубас аялды артык көрүшөт.
«Сокурдун издегени эки көз» дегендей эми өбөктөгөн карыялар да аял издешет. Алардын самаганы орто жаштагы балпайган бапбиче. Бирок бу бечараларга балпайган байбиче түгүл, чай кайнатуудан башкага жарабаган кемпир табылбайт. Азыр ар бир үй-бүлө бала-бакыралуу. Эркектер менен кошо аялдар да жумушта. Балдарды кароого кемпирлер жетишпейт. Жесир калган кемпирлерди төркүнүнө жылдырышпайт. Төркүнүнө келгендерди төркүнү жылдырбайт. Ал эми карманаары, каралашаары жок кемпирлер өз бутуна өзү чалынган абышканы багам деп азап тартканча бир үйгө ээ болуп, пенсиясы менен эркинче оокат кылууну артык көрүшөт.
Үй оокатын жасоону билбеген кыргыз абышкалардын жалгыз бой калышы анык кордук. Антейин десең бала-бакыралуу, багары бар абышкалар деле кемпирсиз жашоону жашоо катары эсептешпейт…
Алыбек беш жылдын ичинде аялынан ажыроо кандай болорун, үзүлгөн турмушту кайрадан куроо кандай болорун жана аял деген эмне экени өз тажрыйбасынан да, башкалардын тажрыйбасынан улам да жакшы түшүндү.
Бирөөнүн зары менен убактынын иши эмне?! Антип-минткиче, Алыбек элүү жашка барып калганын бир көрдү. Анда бир гана арга калды — тез үйлөнүү керек. Ушул тыянакка келгенде илгери өткөн акылмандын «Бир кишиге бир катын өтө зарыл экен» дегени эсине түшүп, өзүнчө күлдү.
Албетте, тездетүү керек. Он үч күндүн ичинде, башкача айтканда, карылыкка оой электе үйлөнүү керек. Жаштыктын акыркы күндөрүн, акыркы саатын өмүрлүк жубайы менен бирге өткөрүүнү самады. Ошентип, беш жылдан бери ажырабай келген асыл максатын 13 күндө аткаруу зарылдыгы башына түштү.
Карачы, өмүрдүн кымбатын, опосуздугун! Эгерде жаштык энчисинде калган күндөрдүн ичинде максаты орундалбай калса, эмне болмокчу?..
Уулу менен келини чайдын сууп калганына карабастан, аны күтүп тынч отура беришти.
Алыбектин өкүнүчтүү жүрөгүндө жаз илебинен бүткөн чечкиндүүлүк пайда болду. Ошо чечкиндүүлүк көңүлүндө бир нече жолу кайталанды:
— Ыкчамдоо керек, ойлонуу үчүн убакыт калган жок!..
Алыбек оюна бир нерсе түшкөндөй артына бурулуп, дасторкондун жанында отурган келини менен уулун көрдү. Күттүрүп койгон окшойм, — деп алардын жанына келди…
Эртең мененки чайдан кийин Алыбек өз бөлмөсүнө кирип, эшигин ичинен бекитти. Келини менен уулуна сейфдин кыйч этип ачылганы, кагаздардын шуудураганы угулду. Атабыз колхоздун эсеп-кысабын тактоого киришкен экен деп ойлоду алар. Эшикти эмне үчүн бекитти? Ага эч ким тоскоол болбойт эле го деп, уулу жумушка кетти. Келини үй жумуштары менен калды.