Казат Акматов: Архат
Он экинчи бөлүм
Ушул эле башынан өткөн бир жумалык окуялардын агымынан чындыкты, калыстыкты, адилеттикти даана таба албай, ойлору чаташып Мани Ясонун эси эки.
- Мырза Мани Ясо, сизби, сиз эмеспи?! - деген үн капыстан аркасынан угулганда жигит канайымдын үнүн дароо тааныды. Артына дароо бурулуп аялга таазим этти.
- Менмин, - деди онтойсуз.
- Капырай! Эмне азапты көргөнсүз?! Киймиңиз кантет деги! Кайда жүрдүнүз?! Селенг! Селенг дейм! Бери келчи! Канайым артына бурулуп кызын чакырды.
- Апай! Эмне болду?! - деп кызы жүгүрүп келди.
- Мани Ясо табылды! Мына, бул жерде турат! Апасы менен кызы жоголгон жандыкты таап алгандай сүйүнүшүп, бирок Мани Ясонун самтыраган киймининен жийиркенгендей алысыраак турушту.
- Бөлмөңүзгө барып жуунуп, кийинип туруңуз. Биз сизди чакырабыз, - деди канайым акырында.
***
Аздан кийин Ордосарайда, өзгөчө анын канайым жак бөлүгүндө али эчким биле элек белгисиз бир салтанатка шашылып даярдык жүрө баштады. Тамак-аш даярдоочулар алтынчы кабаттагы үйбүлө аземдерин өткөрүүчү кичи залды тезинен мейман тозууга даярдашып, көбүнесе гүлдестелерди кооздоп тизишип, кыязы жакшылык ишке даярданып жатышкандай.
«Эмне болот экен?» «Кайсы мейман келет экен?» деп жүгүргөндөр бири-биринен ара- чолодо сурап коюшат, бирок жооп алганы жок. Азырынча белгилүү болгону ушул - бардык буйруктар канайымдын жеке өзүнөн келип атты. Бирок таңкалычтуу жагдайлар да бар эле. Демейде буйруктары өзгөрүлбөгөн канайым эң оболу жүз элүү, андан жарым саат өтпөй жүз, акыр аягында элүү гана мейманга орун даярдайсыңар деп айттырды. Ошого жараша убаракерчилик да үч эсеге көбөйүп, ашканадан, складдардан мурда ташылып келген тамагаш менен буюм-теримдер кайрадан ташылып кетип жатты. Акыры, түш оогон кезде бардыгы даяр болду окшойт, канайым өзү көргөнү келе жатат деген күбүр угулду.
- Эшик-терезелердин бардыгын ачып койгула! - деди канайым залды сергитмек болуп.
Андан кийин ал керектүү деген жерлерин бир сыйра карап келди да залдын төрүнө эки отургучту жанаша койдурду. Бу кезде Далай-лама Мани Ясону өзүнө чакыртып алып кайрадан аңгеме куруп жаткан.
- Жансакчыларыңызды көбөйтүп койдум. Жүдөтүшкөн жокпу?
- Алты киши экен, – деди Ясо нааразы болгон үн менен.
- Жүдөбөңүз. Сиз экөөбүзгө болбогон күнөөлөрдү коюп, жалаа жапкандар бар экен. Сакчылыкты ошон үчүн күчөттүм. Эч нерсе эмес. Ошентип барып басылышат.
- Мени күнөөлөгөндөрбү?
- Ооба.
- Алар басылбайт. Себеби аталарынан ажырады.
- Мен бүгүн, урматтуу Лама Ясо, сиз менен башка сөз сүйлөшкүм келип турат. Макулсузбу?
Мани Ясо ийнин куушуруп, алаканын жайып койду.
- Албетте, Лама Цуга сиз чаң жугузбайсыз. Анткени ал устатыңыз. Ошентсе да айтайын дегеним, ал киши эски, он төртүнчү кылымдагы көз караштын туткунунда калган окутуучу эле. Бир эле мисал. Сизди, момундай жапжаш, келишкен жигитти сары топучан монахка үндөп койгон. Менимче ал кезде сиз «сары топу» менен «кызыл топунун» айырмасын көп деле түшүнбөсөңүз керек. Ошондон пайдаланып ал сиздин кечилдердин тарабына оодарып алган экен. Мен муну кийинчерээк, кечирээк билип калдым. Бирок ойлонууга али деле кеч эмес. Сиз азыркы замандын адамысыз. Үстүбүздө ХХІ кылым. Тибет азыр орто кылымдагы караңгы түндүн кучагында эмес. Үстүбүз жарык асман, элибиздин көзү ачылган. Тибет окуусу азыр бүткүл дүйнөгө тарап аткан кез. Биздин маданий борборлор Америкада, Европанын көп өлкөлөрүндө ачылды. Сиздей жигиттер ошол өлкөлөрдүн баарын кыдырып, учурга жараша бардар жашаш керек, иш кылыш керек. А сиз кечил жүрөм дейсиз. Жарашпай турат.
- Аркимди өз тагдыры алдыда күтүп турса керек, –деди Мани Ясо
- Тагдырдын кулу болбой бийи болуңуз, урматтуу Лама Ясо.
Өз тагдырыңыздын бийи болмоюн бул турмуштун жыргалына жете албайсыз.
- Ыйык Миларепа тирүүлүктүн жыргалын эмес, тирүүлүктүн запкысын көбүрөөк ойлонгон экен, улуу урматтуу таксыр.
- Мен макулмун. Ыйык Миларепаны танбайм. Бирок аны диний теория, кыялый ой жоруу деп коёт. Мен мына ушул жагына көбүрөөк кошулам. Негизи эле турмуштун өзүнөн алыстабаш керек экен. Буга толук көзүм жетти.