Казат Акматов: Архат

Онунчу бөлүм

Казат Акматов: Архат

- Булардын баардыгын кантип жыйып алдыңар? - деди Мани Ясо Лурганланы сүймөнчүк менен карап.

- А, биз эмес. Мунун баарын бизге досубуз Лама Бусмен апкелип берет.

 - Лама Бусменби? Ал дагы силер жөнүндө көп жаздыбы?

- Аз. Балким эми жазаар, ким билет.

- Бирок, бул жазуулардын эч бирөөнөн силерге пайда жок, турбайбы?

-Кандай пайда болмок? Силер али жетиле элексиңер да. Бир гана жаман жеринер силер, Жер адамдары, өзүңөрдөн башка «Ааламда жашоо жок», «биз Ааламдын борборубуз» дейсиңер. Ошол жаңылыштыгынарды моюнга албайсыңар.

-Алабыз, Лурган-ла. Убагы келгенде аргасыз моюнга алабыз.

 - Кийинчерээк Кэри Робин-Эванс деген англичанин бизге келип, кытай архиологдору менен кошо иштешип жүрдү. Эски мүрзөлөрүбүздү казып, биздин кечээки өлгөн кишилерибиздин сөөктөрүн, андан башка дагы биртоп нерселерди таап изилдешти көрүнөт. Ошолордун ичинде жалпак таш бетине түшүрүлгөн Сириустун космикалык кораблинин сүрөтү жана анын спиралдык жазууларын табышкан. Аларды алып кеткен боюнча бизге кайтарып беришкен жок....

Ушул тушта сырттан иттер үрүп калды, аларга удалааш эле Джиптин үнү угулду.

-Мынабул беткапты кийсем улуксаатпы?, - деп ошондо Мани Ясо бала кыялданып ордунан тура калды.

- Сизге куп жарашат, кийсеңиз. Лурган-ла туруп келди да Мани Ясонун бетине кийген масканы ондоп-түзөп койду.

Аңгычакты босогодо Лама Бусмен пайда болду. Бою калчылдап, эриндери титиреп алган экен. Мани Ясону көрөөр менен оозуна сөз келбей туттугуп калды. Сүйүнгөн да, ачууланган да, корккон да сезимдери аралашып калды окшойт.

- Сиз мени өтө катуу чоочуттуңуз, урматтуу Миларепа, - дегенге араң жарады ал бираздан кийин, эриндери кемшеңдеп ыйлагысы келгендей.

-Ыйык Миларепа бизде, – деди Лурган-ла Лама Бусмен менен чыканак тийиштирип жатып.

Ал Лама Бусмендин азыркы ахвалын түшүнбөйт эле. Ошон үчүн Бусмен сыр билгизбей өзүн колуна алды да мындай деди:

- Чоң рахмат, кадырлуу Лурган-ла. Бизди эң сонун тосуп алдыңар. Эми кайтсак болот. Убактыбыз өтө тар. Ыйык Миларепа, буга кандай дейсиз?

Мани Ясо бетиндеги маскасын албай туруп, Лурган-лага чыканак тийгизип коштошту да, акырын кулагына шыбырап койду.

- Мен силерге тез-тез келип турам. Улуу майрамыңар качан болот?

 -Майрамыбызга башка адамдарды катыштыра албайбыз.

- Анда эмесе бөлөк мезгилде келем. Силер менен чогуу гравитациялык коридор издейли.

 

***

 

Урматтуу Далай-ламанын чыдамсыз күткөн күндөрүнүн бири бүгүн эле. Эртеден бери ал улам ордунан туруп кайра отуруп, жанын жай алдыра албай убара. Кызматкерлерине бир сыйра тапшырма берип бүткөн соң алардын бир нерсени түшүнбөй калып кайра кайрылып келгендерин кагып-силкип, сиркеси суу көтөрбөй, эчкимди көргүсү келбей тугаланып атты.

Эртең мененки тамакка чакырып келген ортончу кызын да эркелетпей туруп кайра айдады. Анын минтип ачуусу келгенине себеп жок эмес эле. Карамагындагы бир нече ламалардын небак шиши толуп, атүгүл ашып ташып кеткен кези болчу. Алардын өзүнө каршы тымызын иштерди жасап жүргөндөрүн урматтуу Далай-лама билет, бирок кылмышкерлер колдон карматпай келет. Ачык жазалоого азырынча ылаажы жок. Ошон үчүн Мани Ясо ага абадай керек болуп турган кез. Биринчиден, алардын ичинде эмне бузукулукту ойлоп турганын аныкташ керек, экинчиден ачык, расмий эмес, көмүскө жазалаш керек. Анткени ар бир расмий жаза нын артында убарасы көп, ашык дооматтары, сасыган саясий оюндары толтура. Андан көрөкчө алардын ар бири өз жазасын тымызын алсын. А эмне үчүн жаза алганын ар ким өзү сопсонун түшүнөт. Экинчи урматтуу Далай-ламага кара ниеттигин коёт. Койбосо, андан да катуу жазаны Мани Ясонун кара сыйкыры аркалуу дагы да болсо алганга үлгүрүшөт. Эч кайда качып кете алышпайт!

Урматтуу Далай-лама түшкө дейре зарыгып күттү. Мерчем боюнча Мани Ясону алып Лама Бусмен небак келип калыш керек эле. Эмнегедир жок. Аңгычакты түшкү тамактын да маалы болду.

 - Ата, сизди апам түшкү тамакка тезинен келсин деп атат! Басыңыз! Кайрадан ортончу кызы келген экен. Урматтуу Далай-лама бу сапар ойлонбой эле кызын ээрчип жөнөп берди. Эң жогорку кабатка чыгыш керек эле. Тамактана турган жайы ошоякта. Обору ачылып, ичи курулдайт. Бирок ошентсе да түшкү тамагына үлгүрбөй калды. Лама Бусмен артынан кууп жетти:

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.