Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

– Саламат. Кайдан, меймандар?

Эжейи баланы ийнинен кучактап, Таштанга суроолуу карады. Адамжандын ички табышмагынын дагы бирөө ушул – мурда жолугуп эле жүргөн адамың кокустан эле көзүңө башкача көрүнүп калат. Таштан толкундап кетти. Адилеттин Жылдыз эжейи мурда көргөндөн таптакыр башкача жан турбайбы! Карегинен нуру төгүлгөн, жылдызы жүзүнөн жанган керемет келин Таштанды бүгүн бир башкача карап турду. Мезгил экөөнү тең өзгөртүп салгандай. Өмүр бою бирин-бири издеп табыша албай жүргөн ашыктар азыр, ушул мүнөттө күтүүсүздөн табышып тургандай! Таштан нес болгон бойдон тура берди эле, акыры Жылдыз биринчи көзүн ала качып кетти. Келин эмне кылаарын билбей, бети дуулдап ысып, акыры Адилетти кайрадан кучактап тамашалады:

– Адик, бул киши сага ким болот?

– Дозум.

– Ха-ха-ха! – Таштан катуу күлүп жиберди.

– Досум десең. Атасы «з» менен сүйлөйт. Мен Адилеттин чоң досумун, бул менин кичине досум.Таштан капыстан Жылдызга колун сунуп калды.

Түшүнүксүз – же салам бергениби, же эмнеси? Жылдыз сунган колду алды да, кызарып кетти. Экөөнүн көз караштарын кайрадан бир сыйкырдуу ирмем аралап өттү. Колдору болсо ажырашкысы жок. Бирок Жылдыз кайрадан биринчи болуп колун тартууга аргасыз болду.

– О, жакшы экен. Жүргүлө анда, тигил бош класска, – деди ал Адилетти колтуктай алып.

Окуучусу жөнүндө сөздүн баарын угуп бүткөнчө Жылдыз эжейинин өңү нечен жолу өзгөрүлүп, акырында баланы кучактап алып, жашып кетти.

– Менин эң таланттуу окуучум элең. Ушуга дейре жеттиңби, Адик?!

– Сизден башка эч кимден окугусу жок, – деди Таштан.

– Түшүндүм. Бирок… Анда Адикти мага эртеңке дейре калтырып кеткиле.

Экөөбүз биздикине барып терең ойлонолу. Макулсуңбу, Адик? Адилет башын ийкеди. Таштан болсо «азыр» деп нары басты да, чөнтөк телефонунан Айзада жеңесине чалды.

– Апасы макул, – деди ал кайра басып келип Жылдызга. Келин Таштандын балбылдап тиктеген көздөрүнөн кайрадан көзүн ала качты.

 

* * *

 

«Чексиз Ааламда адегенде баш аламан болгон экен. Аны тартипке салыш үчүн Кудай таала жаралган. Ал өзү эле жети катар асманда жоктон бар болуп, аба менен нурдан жаралып калган. Андан кийин өзүнө жардамчыларын жараткан. Улук, Периште, Ибилис, Азезил деген көп жардамчылары болгон.

Бир күнү Алла жерди жаратып, айбандарды, куштарды ошол жакка жашасын деген. Жер айбанаттардын гана мекени болчу.

Жетинчи күн дегенде ал ойлонуп отуруп өзүнө окшогон жан жараткысы келип, Адам атаны жасаган. Анын денесин жердеги топурактан, жанын Сириус планетасындагы абадан жасаган. Адамды Кудай өзүндөй өлбөс кылып жараткан болчу. Адамга Кудай өзү суктанган, себеби ал өтө акылдуу жана сулуу болчу. Эми мен буга жолдош кошуп берейин деп, анын бир кабыргасын алып туруп, Обо энени жараткан. Обо эне Адам атадан токсон тогуз эсе сулуу жана назик болгон. Экөө тең Кудай менен кошо асманда түбөлүк жашамак.

Алар жыргап жашаган Бейиш багында бир түп ачуу алма бар болчу. Анын алмасын жегендер ак менен кошо караны да билип, күнөөнү көп жасап, бактысыз болуп калмак. Ошону Кудай таала Адам ата менен Обо энеге эскерткен. Эч качан жебегиле деген. Экөө алмага жакын басып барчу да эмес.

Кудай таала өз жардамчыларынан да Адамды жакшы көрүп, көбүнчө аны менен сүйлөшө берчү. Ошого Ибилистин ызасы келчү. Ошондуктан Ибилис Обо энени азгырып, тукумуңар көбөйөт деп кызыктырып, алманы жегизип койгон. Ошентип Кудайдын айтканы бузулат. Аны укканда Кудай таала аябай каарданат, Адам ата менен Обо энени айбандар жашаган тоголок жерге түшүрүп салат. «Тукумуңар мейли көбөйсүн, бирок өмүрүңөр кыска болсун. Күнөөнү, кылмышты, адилетсиздикти тилеп алдыңар, алар эми башыңардан кетпейт», деп Алла таала Азезилди чакырып алып: «Адамдын жанын мен айткан кезде алып турасың», – деп тапшырат.

Муну укканда Ибилис аябай сүйүнгөн. Улук менен Периште болсо Адам ата, Обо энеге болушкан. Кудай «болушпагыла» деп аларга тыйуу салган. Улук болбой эле бир жолу аларды кайрадан асманга алып чыгып, түбөлүк жашатмак болгондо Кудай аны да жазалаган. Жерден асманга кетчү коридорлордун баарын жаап салган. Кудай Улукту жер бетиндеги Кайлас тоого чынжырлап камап туруп, анын ысымын өзүнүн ысымына кошуп алган. Ошондон кийин Алла-Улук деп бирге айтылат. Улук Кудайдын каарына ошентип калган. Ал акыр заман болмоюнча камоодон чыкпайт. Периште болсо Кудайдан коркуп, Адамдын жанына келе албайт. Алыстан гана жакшылык жасап жүрөт. Ал адамды дайыма колдойт. Ибилис болсо дайыма зыян кылат.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.