Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
– Экөөңдү тең айыптап жүрөт балаңар. Көрүнүп эле турбайбы.
– Ким экөөбүздү?
– Атасы экөөңөрдү! Экөөң эки жакка тартасыңар. А бала ортодо чайналып… Жинди болуп кетпесе десең. Жанагы кара куурайды тартса жинди болот да.
– Атасыначы, өткөрүп бердим. Окутсун ошол.
– Кой антпе! Доюр неме үйдөн кууп салат баланы.
– Маа десечи жоголсун ошондон арычы! Кечтим деги!
* * *
Ошол түнү бала чындап эле кайрадан жоголду. Түнкү саат төрттөр чамасы экен. Айзада сыртка чыга калса, көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Ал халатын чала бүчүлөгөн бойдон дарбазадан атып чыкты. Семетей көчөсүнүн кай тарабын көздөй чуркаарын билбейт. Өткөндө ал уулун шаарды көздөй бараткан жеринен кармап келген. Айзада эми да ошол жакка жүгүрдү. «Үч кудук» кварталына кире бериште балдар футбол тепчү жайдак талаа бар эле. Ошол талаага жүгүрүп жеткен кезде, келиндин өпкөсү көөп, дем ала албай калган. Дал ошол тушта алды жагынан баласынын кандайдыр шоолаланып, агарып кетип бараткан сөлөкөтүн көргөнсүдү. Айзада тез эле кубалап жетти, уулун дароо кучактай алган жок. Анткени билчү – уйкуда бараткан баланы чочутуп албаш керек эле.
– Адилет. Адиле-ет. Адиле-етик, – деп энеси аркасынан бир нече жолу добуш салганда гана бала ойгоно баштап, буту чалыштай кетти. Дал ошол ирмемде, бала али жерге жыгылып түшө электе энеси жетип, кучактап калды.
– Адилет, ай Адилет, ойгончу. Мен апаңмын…
Уйку-соонун ортосундагы бала жөөлүп атты: «буттарым сынды… колдорум сынды… ооой, колдорум сынды… өлбөйм… өлбөйм… өлбөйм, эч качан өлбөйм…»
– Адилет, берекем десе, көзүңдү ашчы! Айзада баласын көтөрүп басалбады, оор болуп калыптыр. Акыры уулу ойгонуп, бирок акыл-эсине элдир-селдир келе түшкөндөгү биринчи айтканы селкинчек жөнүндө болду: «Селкинчек мени чакырып атпайбы?» деди ал «Үч кудук» жакты көрсөтүп, көзүн ушалап.
– Кайдагы селкинчек?
– Космоско чакырып атпайбы…
Айзада сөзүн токтотту да, үндөбөстөн баланы алга жетелеп көрдү эле, эмеле басып өткөн жолуна өспүрүм таптакыр бут коё албады. Кеч күздөгү музкыроо отурган төтө жол тикенектүү, таштак болчу.
Айзада баласын аркасына көтөрүп жөнөдү…
«Көтүмө келгенсипчи, муну эмне миллионунчу кылып туудум экен! Миллиондон айланат белек. Кереги да жок эле бизге ошонунчу. Саат басып так ошол мүнөттө тууп салганымчы! Болбосо балам эл катары эле жүрбөйт беле. Асыя азапты мен апкелдим буга. Роддомдогу сволучтарды кантип кана муунтуп өлтүрөм?! Баланын туулгандагы документтерин атайын жоготуп коюшканы үчүн тытып өлтүрсөм болбойт беле ошолорду. Жогортон чоңдор айтышкан дейт, «талаш болбосун, документтерин жок кылып койгула» деп. О өлүгүңдү көрөйүн ошол чоңдордунчу. Башка бирөөнү миллионунчу кыла коюшуп, ага үч көмүт квартира беришип, жаңы туулган баланы «шаардын ардактуу жараны» кылышып, далай акча жешипчи, о өлүгүңдү! А мен ошонун айынан балама митирке алалбайм, ушу күнгө дейречи. Бала бакчага албай кууратпадыбы. Кийин мектепке да албай!.. Баарынанчы атын кайсы арыбызга Адилет койдук дейм да! Кана, кайда адилеттик деген неме!»
– Апа, жерге түшүр мени. Эмне көтөрүп алдың?
– Баса албай атпайсыңбы! Жакшы ойгондуңбу?
Тоонун тал чокусунан күндүн муруту сербейип калганда эси кеткен эне-бала араңдан зорго жетелешип үйлөрүнө келишти.
* * *
Алдыңдагы өзүң чече албай жаткан татаал суроолордун жообун турмуш кээде аянбастан таап бере берет. Ошол эле учурда ал андан да татаал тагдырды алдыңа камдап койгонун билбейсиң.
Айзаданын өтүнүчү менен аталаш агасы Таштан Адилетти «маздасына» отургузуп алып, шаардын сыртына, кореялык «Фламинго» шаарчасынын чөлкөмүнө алып чыкты. Шаарчанын кире бериши ээн, суук түшүп, эсалчулар келбей калган кез эле. Мектептеги иштери кедеринен кетип, окуудан чыгып калганын балага апасы угузган. Бирок мындан ары эмне кылыш керек экенин ага эчким айта алган жок. «Ырас менин сөзүмдү укпадыңбы, окууңдан чыктыңбы, анда экинчи сүйлөшпө мени менен. Таштан агаң сага менден артык эмеспи, ошону менен сүйлөш», – деген апасы.