Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
- Мынакей, урматтуу достор. Менин сиздер менен жүрүшүм аяктады. Мaaнайыңар дайыма сонун болсун. Мекениңерге күлүп-жайнап, унутулгус сезимдерди алып кеткиле. Биздин максат - же өзүңөр кайрылып дагы бир жолу келгиле, же болбосо досторунарды жибергиле Тибетке!
- Эч качан! - деди Софи күтүлбөгөн жерден Цезарга орой жооп берип. Бул жак европалыктар келчү жай эмес экен. Силер көрсөткөн ыйык, сырдуу деген нерселердин бардыгы суу кечпеген сандырак. Кечирип кой Цезарь, биз уулубуз Этьендин бир айлык убактысын бекер өлтүрүп алдык.
Он үч күндүк ысык-суугу бирге болгон жүрүштүн мындай кесир сөздөр менен аякташы Цезарь үчүн биринчи жолу болуп аткан окуя эле. Ошондуктан ал Софини карап, эмне дээрин билбей жалдырап калды. Ал түгүл күйөөсү Томас, бержакта турган Таштан да оңтойсуз абалда турушту
- Антениз, айым Софи. Европалыктар дайыма рух дүйнөсүн баалай билген адамдар эмеспи.
-Азыр андай эмес, -деди ушул жерден Таштан сөзгө чукул аралашып.
- Европада Ницше менен Кафканын заманы небак өткөн. Азыр Европанын образын урматтуу Софи сыяктуу сулуулар түзөт. Ишенбесеңер Шпенглердин «Закат Европы» деген китебин окугула.
Таштан Софиден Цезардын өчүн алып аткансып тиштенип, кумсарып сүйлөгөндүктөн Томас чебелектей түштү:
- Эчтеке эмес, досум Таштан, жакында эле баарыбыз тең Азиянын ырын ырдайбыз... Кошкула!
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Траппа Тилак Лама Цунун бөлмөсүнүн оозунда турду. Анын бүгүнкү келиши өзү окуткан класстын тагдырына байланыштуу эле. Классындагы алты баланын ар биринин өз-өз көйгөйү. Ошонун көпчүлүгү турмуш шартка, же башка бир жагдайларга эмес, окууга, билим алууга байланыштуу.
Андай болгон соң сөзсүз Лама Цуга келиш керек. Өзгөчө Мани Ясонун маселелерин бул абройсуз чечүү мүмкүн эмес. Ошондой деп Лама Цу өзү талап койгон. Дейдин баш жаңсоосу менен траппа Тилак Лама Цуга кирип таазим этти.
- Менин классымдын келечеги тайкы болчудай, урматтуу Лама Цу.
- Ушинтип айтаарыңызды билгем, мударис. Бирок дагы бир жумача окуучуларыңызды сынап көрөт го деп ойлогом.
- Бир нерсе чыгаарына көзүм жетпей калды.
- Билем. Бир гана балаңыз жөнүндө сөз кылууга болот.
- Мани Ясону айтып атасыз.
- Ооба.
- Кечиресиз, улуу Лама. Алты баланын ичинен окууга даярдыгы эң начары Мани Ясо.
- Билем. Эстутуму али көнүгө элек. Медитацияга таптакыр даярдыгы жок.
- Жок эле эмес. Таптакыр жок.
- Ошон үчүн мен аны таңкы жана кечки табынуудан бошотойун деп турам.
Азырынча ошол эки саатты эстутумун чыңдоого, андан соң ой жүгүртүүсүн токтотууга жумшаңыз. Бала али таптакыр чийки экенин түшүнүшүңүз керек. Анткени өз мекенинде ал европа ыкмасы менен окуган адам. А эгер бышырсак, андан өлбөстүк дарагынын алты миң жылда бир жолу байлаган мөмөсүн алууга болот.
Мани Ясодон башка дагы бир окуучуңуз бар. Ошол жөнүндө кам көрсөңүз болоор. Башкаларынын тагдырын окуу жылынын аягында чечебиз.
Мугалим Тилак «траппа» даражасын алганына көп жыл болсо да Лама Цунун купулуна анчалык толо бербей жүргөнүн өзү жакшы билет. Бирок анүчүн өзүн эмес, Цуну күнөөлөчү. Ошон үчүн бир жылда Жахан храмында бир жолу боло турган «Тазалык» күнүндө Лама Цу жөнүндөгү сын пикирин ачык айткан болчу.
Ошол күнү храмдагы үч миңге жакын монахтар, шеледен тартып храмдын администрация жетекчиси Панчен-ламага, кала берсе Лама Цунун өзүнө дейре жуунуп-тазаланып, жапжаңы чапандарын кийип, ар ким өздөрүнө тиешелүү залдарга, класстарга чогулушту. Түшкө чейинки убакта ким гана болбосун храмдагы бардык адамдарга ойлогон оюн, мактоосун, алкышын, өзгөчө сын-пикирин, кыжырдануусун айта алат жана ал үчүн эч ким эч кандай жазага тартылбай, же куугунтукка алынбайт.
Сиз, - деди траппа Тилак Лама Цуга таазим эткенден кийин кафедрага чыгып барып, бүткүл будда дүйнөсүндө чоң абройлуу, белгилүү архатсыз. Лама илимине киргизген салымыңыз албетте баа жеткис. «Табиятта лотос гүлүнүн жаралыш ыкмасы» деген эмгегиңиз бүткүл биология дүйнөсүнө белгилүү. Мен ошол илимиңизди терең урматтоочу жана изилдөөчү катары бүткүл өмүрүмдү сарп кылып келем. Чынын айтканда Сиздин эбегейсиз көлөкөңүздөгү бир кичинекей мугалиммин. Бирок сиз көлөкөңүздөгү адамга эч качан күн тийбей атканын байкабайт экенсиз. Ал шакиртиңиз үшүп-тонуп, тамырына суу жетпей куурап баратканы менен ишиңиз болбойт экен. Андай тагдырга туш келген жалгыз мен эмес. Калгандары өзүлөрү айтышаар.