Казат Акматов: Архат

ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

Казат Акматов: Архат

- Анда эмне кетейинби?

- Күнөөнө кара. Күнөөн болсо тезинен жогол. Мага ысмыңды деле жалган айттың окшойт. Бирок билип кой. Монах Соржу эч убакта жакшы кишини сатып көргөн эмес. Сени да сатпайм. Кереги жок мага миллион юаньдын.

 Отту көсөөлөп коюп баш көтөрбөй күңкүлдөп аткан монах Соржуга Дейдин ичи аябай жылып кетти. Чынында эле Соржу сатса сатып, миллионду алса алып койбойт беле небак. Эки күндүн биринде Тибет радиосунан Мани Ясонун качкандыгы жөнүндө, жанында Дей деген монахтын бар экендиги жөнүндө кулактандыруу берет. Сырт кебетелерин бүт сүрөттөп айтат. Миллионду алмак түгүл чегара чылар келсе, Дейди арткы эшиктен качырып ийип куткарып жүрбөйбү Соржу Ошенткени мына бир жылдын жүзү болот. Анан кантип кишинин ичи жылыбайт мындай адамга.

- Соржу ага, - деди Дей жүүртө басып жакын отуруп, Сизге бир нерсе айтайымбы

- Айтсаң айт.

- Алиги миллион юань менин башым үчүн эмес, Мани Ясонун башы үчүн. Түшүндүңүзбү?

-Жо, ал түшүнүктүү. Бирок Мани Ясону кармаш үчүн сенден башташ керек да. Жанагы Дей дегени сенсиң да, туурабы?

Дей шилекейин жутуп тил оозу жок жалдырап калды. Соржунун сөзү жүрөгүн ок тешкендей көзөп кетти. Көрсө бул куу монах баардыгын небак эле билет турбайбы! Тээ башында, Дей ыйлап-сыктап башпаана сурап келгенде эле дароо билсе керек. Ошондон ушуга дейре билмексен болуп тымпыйып жүргөнүн кара!

Дей сыртты көздөй чыга кача турган сыяктуу көрүндү Соржунун көзүнө.

- Коркпо монах Чампа, сен анык Дейдин өзү болсоң деле мага Чампа бойдон кала бересиң.

Дей далысына бирөө ысык темир басып аткандай ырсайып оозун ачты. Анысы көрсө Соржуга ыраазы болуп, жылмайып аткандагысы экен. «Рахмат. Өмүр бою унутпайм», деди андан кийин эрдин-эрдине жеткире албай күбүрөп.

- Эмими дурустап ойлонгун, Чампа качасыңбы бул жерден же жокпу?

- Качыш керек, Соржу ага. Сизге да залалым тийбесин.

- Мани Ясо кайда, айта аласыңбы?

- Аны жакында тосуп алышым керек. Эгер мени кармап кетишсе сиз тосуп аласызбы Мани Ясону.

- Ал кайда?

- Сүкүттө отурат.

- Бир жыл боюбу?

- Ооба.

- Анысы жакшы дечи

- Ал ыйык Миларепа да! Билесизби ушуну?

- Билем. Бирок азыркылар андайга ишене койбойт го.

- Билбейм. Мен ишенем. А сиз өзүңүзчү Соржу ага?

- Мани Ясоң өзүнүн Миларепа экенин далилдеш керек да. Мен анын кара дубасын билем. Жети кишини дубалаганын билем. Экөө өлгөнүн билем. Калганын билбейм. Өлгөндөрдүн балдары сенин Ясоңду өлтүрөбүз деп атышкан турбайбы. Жанагы миллион ошолордуку да.

- Ал акчаны Далай Лама өзү сайып атат.

- Радиодон антип айткан жок. Билбейм, балким мен укпай калгандырмын.

- Баарын кылып аткан ошол Далай Лама!...

Монах Соржу аңгычакты башын көтөрө калды.

- Угуп атасыңбы? Атчандар келди! – деди анан ал Дейге көзүн алайтып. Дей өзү деле уккан сырттагы дабышты. Ошон үчүн ал эч кеп-сөз жок эле баягы көнгөн адаты боюнча Соржунун бөлмөсүнүн төрүндө дубалга илинген көшөгөнүн артындагы эшикти ача салып сыртка лып этип чыгып кетти.

Монах Соржу ошого ыраазы болгон соң сырттан карп-курп кирип келген кытай чегарачыларды эчтеке болбогондой жайдары тосуп алды. Экөө экен. Экөө тең тимеле каардуу, мурдагыдай эмес.

-Тур ордунан! – деди алдыга киргени Соржуга буйрук берип. Соржу таңгалган түр жасап туруп берди. Атүгүл жылмайып турду. Киргендер анын жылмайганын урган да жок.

- Колуна кишен! – деди бөлмөнү тинтип кирген офицер чин беркисине кыйкырып. Ошону менен Сак Муни монастрынын он жылдан бери жатакчысы монах Соржу бир көз ирмемде туткун боло калды. А тигил эки чегарачы бөлмөнү бүтүндөй аңтарып чыгышты. Болгон тапканы ошол экен - насывай. Соржу мурдун курт жей баштаганда эки таноосуна насывай сала койчу.

Анаша! - деп кыйкырды насывайды таап алган аскер. Экинчиси аны ала коюп жыттай салды да нары ыргытып жиберди. Демек, анаша эмес экен.

Колуна кишен салынган монах Соржу Дейдин кутула качканына ичинен ыраазы. Өзү болсо эч кылмышы жок болгон соң, чегара заставага көп болсо бир-эки күн кармашат да коё биришет деген ой менен камаарабай турганда аскер аркасынан түртүп аны эшикке айдап чыкты.

Эшикке чыгып-чыкпай эле монах Соржу таңгалганынан эси ооп дал болгондой. Эшикте, аттардын жанында небак колуна кишен салынган Дей бечара турат.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.