ПОВЕСТЬ
Чыңгыз Айтматов: Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт
Ырас, мындай ой мурда деле кээ кезде чагылгандай жарк этип өчкөн учурлар болгон. Маркум Мылгун жана да башка туугандары болуп, бир жолу токойдон карагай кескени көз алдына келди. Төбөсү көк тиреген кучак жеткис байкарагай түбүнөн кесилип, кулай баштаган эле. Ошол маалда Эмрайин негедир карагай кулай турган тушка туруп калыптыр. Зор карагай асманды как жарып, жолундагынын баарын кыйратып кулап келе жатканда наркы тургандар жабыла кыйкырып калышты.
– Кач!
Эмрайин нес боло түштү. Качууга да кеч болуп калган эле. Төбөсү менен асманды аласалдырып, токой чамгарагында ээлеп турган ордун аңырайта ачып, токой ичин жаңырта качырап, зор карагай кайра тургус болуп, дал үстүнө кулап келатты. Ошол көз ирмемде Эмрайиндин оюна жалгыз Кириск келиптир. Анда уулу кичинекей, кызы Псулк туула элек. Ошол көз ирмемде, өлүмдүн босогосунда туруп уулун гана ойлоптур, башка эчтеме эсине келбей, өлсөм уулум кантет деп ойлоптур. Карагай күркүрөп келип жанына кулады, чаң аралаш абанын эпкини бетке тепти. Эмрайин тирүү калганына тыякта тургандар жеңилдене дем алды. Ошол окуяны эстеп, Эмрайин бүт өмүрүнүн мааниси ушу Кирискеге байланыштуу экенин, өмүрүндө аталык сезимден артык, андан күчтүү сезим жоктугун азыр түшүндү. Азыр Кирискеге ушуну айткысы келди да, кайра баланын мазасын албайын деп тим болду. Баланын алы ансыз да кыйын эле...
Атанын ичер суусу түгөнүп баратты...
Чычкан акем, суу берчи!
Чычкан акем, суу берчи!
Атанын ичер суусу түгөнүп баратты...
Унутууга кыйбаган, эстен чыккыс дагы эки-үч эскирмеси бар эле. Убакыт кысып келсе да аларын эстеп албай кете бергиси келбеди. Кайыктан кетерин бекем түйүп, эми ал эсте жүргөн эртегилери менен коштошуп жатты. Аялын ал алгачкы күндөн эле сүйүп, ушу күнгө чейин жакшы көрүп келди. Ар качан ал деңизге чыкканда эмнени ойлосо аялы да үйдө отуруп ошону ойлойт экен. Кошулган күндөн тартып ошондой болду. Эри деңизде жүрүп эмне ойлонорун үйдө аялы билчү, ошондой эле аялынын үйдөгү ойлорун алыстагы эри биле турган... Алыстан бири-биринин оюн туйгандары экөөнүн ортосундагы эч ким билбес сыр болгон. Аялынын боюна Кириск жаңы бүтүп, али уул экени же кыз экени белгисиз кезде эле уудан кайткан Эмрайин озуна сүйүнчүлөдү:
– Экөөбүз уулдуу болобузбу дейм?
– Акырын, жин-пери угуп койбосун! – деп аялы коркуп да кетти, көздөрү жалжылдап сүйүнүп да турду. – Аны кайдан билесиң?
– Өзүң ойлободуңбу бүгүн. Уулдуу болсом деп ойлободуңбу.
– А сенчи?
– Сенин ойлоруңду мен сезеримди билесиң да. Сен эмне ойлосоң мен да ошону ойлодум.
– Сен уулдуу болсом деп ойлоп, каалап жүргөнүңөн мен да ошону ойлогом...
Акыры айткандары келди. Сезим алдабады. Аялы ай-күнүнө жетип, көз жарар маал чукул калган. Курсагын чедирейтип, ошондо аялы эринин тери шымын кийип жүрдү. Мунуң эмне дегенде, сен алыста жүргөндө эркектин деми денемде жүрсүн дедим, антпесе бала чабал болуп калат деп түшүндүрдү. Ошол кезде аялы кырк курак кийим кийсе да андан сулуу, андан сүйкүмдүү аялзаты жок эле Эмрайинге. Ким туулар экен, кимдин ата-энеси болор экенбиз деп кубанып да, апкаарып да жүргөн бир сонун күндөр эле ал кез...
Ошо бала ушу Кириск экен... Эми ушу бала менен, ушу балага байланыштуу бардык кымбатынан түбөлүк ажырай турган чак келип турат. Анан дагы бир жолу, Кириск анда эсебиңкиреп калган, апасы бирдемеден улам ачууланып, сен жокто жаным тынч эле деп калды. Балага бул сөз катуу тийиптир.
– Мен жокто мен кайда элем? – деп жаңы келген атасына жабышып алса болобу. Ана күлкү десең... Аялы экөө үн чыгарбай көздөрү менен жымыңдашты. Эмрайин уулуна ал жокто кайда болгонун айтып бере албаганына аялынын боору катып, жыргап жатты. Азыр болсо атасы айтып берер эле: сен туула электе менин канымда, менин белимде болчусуң. Менин белимен апаңын беденине түшүп, мени кайталап жаралдың. Эми мен өтсөм сенде калам, сенин балдарыңда, балдарыңын балдарында уланам деп түшүндүрүп берер эле...
Азыр ушинтип айтар эле, өлөр алдында ушинтип айтып кетсе арманы болбос эле, бирок эми айтууга чоло калбады. Анын тукуму үзүлө турган болду. Эң эле ашып кетсе Кириск дагы эки же үч күн жашаар, андан аша албайт, шордуу ата ушуну жакшы билип отурат. Уулум деп өзү өлүп баратканына кыйналбады, акылына сыйбай азабы өзөгүн өрттөп, жанын кыйнап жатканы – баласы да өлүп, ошону менен тукум курут болгону кыйнап жатты...