ПОВЕСТЬ
Чыңгыз Айтматов: Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт
Анда мас эле. Деги өзү ичкилик жаатына жакын. Эл ичинде Эмрайин атасы да жүргөн, башкалар менен биригип, Мылгунду байлап таштамак болушту, бирок бу камандан күчтүү неме бой бербей койгон.
Мылгун ушундай киши. Кирискеге Мылгун – аке. Эмрайин экөө ынак, ууга дайым бир чыгат, бири-бирине караан, жөлөк-таяныч. Мылгундун уулу али кичинекей, жаңыдан там-туң басып жүрөт. Андан улуу эки кызы бар. Карындаштарына Кириск камкорчу, калканыч, чекеге черттирбейт. Апасы да эки кызын жакшы көрөт, алар Псулк менен ойноп дайым эле Кирискенин үйүндө, апасы үйрүлүп түшүп турат. Бирок кыздардын сулуусу Музлук. Ырас, чоңойгондо аны башка жакка күйөөгө берет имиш, ошонусу кыйын. Эгер Кириск өзү алып, эч кимге бербей койсо эмне...
Жээкте жүргөндө Кириск мындай нерселерди сейрек ойлочу эле, эми айылдан алыс жүргөндө демейки жөнөкөй нерселер башта белгисиз мааниге ээ болуп, жүрөгүн сыздатты. Негедир Кириск Ала-Дөбөттүн аркы бетинде, токой четинде, дайранын жээгинде калган айылына кайткысы келип кетти, Айым-Балыктын тукуму жайлаган эзелки конушун, нивхи элин катуу сагынганын сезип, жаны ачыды. Апасын сагынганына жүрөгү сыздады. Бирок алар азыр алыста калды, жээкти бойлоп тынбай жорткон Ала-Дөбөт да алыс калды. Кириск эриксизден артына кылчайып, жан жагын карай берип, күтпөгөн шумдукту көрдү.
Асман-жердин ортосун чылк каптап, айры тилдүү ажыдаардан бетер сүрдүү сур туман басып келатыптыр. Түнөргөн суунун үстүндө уюлгуп, улам жеткенин жеткендей жутуп көрсөтпөй, каратып туруп эле каптап келатат. Кадимден калган тирүү желмогуздай, буларды кайык-пайыгы менен тирүүлөй жутчудай, бүт дүйнөнү жалмап салчудай болуп араанын ачып келатат. Кириск баягыда арал деп алыстан бир чоң караан көрбөдү беле, бул туман дал ошол тараптан келатат.
Анда Кириск деңиз бетине кыймылсыз орноп калган кара-бозомук караан көргөн. Азыр болсо ал караан улам көөп, чоңоюп, көз көрүнөө деңизди жалмап, айдаган шамалдын ыгы менен токтоосуз келатат.
– Карагылачы! Карагылачы! – деп Кириск коркконунан кыйкырып жиберди.
Баары алаңдай түштү. Бир саамга калаксыз калган кайык чыбыр толкун үстүндө калтылдап кетти. Ошол ошо болду, калың туман астынан атырылып чыккан алп толкундардын күркүрөгөн доошу жетти. Кыр артынан болуп кулак тундура күркүрөө менен өмгөктөп, өзүнөн өзү жаралып, кайра өзүнө өзү урунуп талкаланып, кайра күчөп жаралып, тоодой толкун жапырып кирип келди.
– Бур кайыкты! – деп жаны кашая кыйкырды Орган. – Тумшугун тос!
Калакчылар кайыкты толкунга түздөп бургуча жетип келген албуут, тилсиз жоо Органдын кайыгын аз жерден аласалдырып кетпеди. Бир толкун өтө берди, артынан деңиз кайнап жатып калды. Ал аңгыча болбоду, туман кирип келди. Каптаган туман нымдуу, муздак илеби менен жетип келгенде бул өзү жамандыгына салтанат курган, кайра тартпас, аябас, өзүнчө эле ичтен оргуп кайнаган, тили жок, бирок жандуу түнт күч экени билинди.
– Желдин багытын эстеп калгыла! Желдин багытын! – деп кыйкырган Органдын үнү угулду да, жылчыгы жок туңгуюк каран түн басып калды. Чексиз караңгылыктын түбүнө ныгырып, туман көчкүдөй бүктөп басты. Көз ирмем ортосунда аңчылар бу дүйнөдөн а дүйнөгө секирип түшкөндөй болду. Кулак тунду, көз жабылды.
Асман да, деңиз да, атүгүл кайык да жоголду. Аңчылар жадегенде биринин өңүн бири көрө албады. Деңиз боркулдап кайнап, тыным бүттү, алпурушуу башталды. Толкундар кайыкты чабындыдан бетер бирде өөдө ыргытат, бирде ылдый кулатат, бирде серпип таштаса, бирде түбү жок кургуйга түртүп жибергендей болот. Чачырап жаба чапкан суудан кийимдери шөмтүрөп оор тартты. Баарынан жаман төрт тарап билинбей калганы болду, чылк каптаган караңгы туман ичинде адамдар эмне кыларын, тегерегинде эмне болуп жатканын аңдай албай айла куруду. Эптеп кайыкты толкунга коңтортуп албай түз кармап, бет келди далбас уруштан башка арга калбады. Белгилүү бир тарапка багыт алып сүзүү деген жок. Буркан-шаркан түшкөн толкундар кайыкты кайда алпаратканы да белгисиз, бу шумдук канча созулары да белгисиз болду да калды.
Аңчылар бороон-чапкынга учурап, таптакыр апат болуп кеткендерин Кириск далай уккан. Андайда жээкте калган катын-балдар үмүт үзбөй Ала-Дөбөттүн бооруна көп күн, көп түн бою улуу от жагып, ажап болор бекен деп күтө беришчү. Ошондойду көргөн кездерде да Кириск ачык деңиз бетинде өлүү мынчалык коркунучтуу болорун элестете албаган. Асыресе жөө тумандан адам апатка учурайт деп үч уктаса түшүнө кирбеген. Туман деген адатта кыштын күнү келе турган күнүмдүк мейман да. Туман түшүп, дүнүйө аппак сүт дарыясына чөмүлүп, жер бетиндеги заттын баары булаңгыр арасынан күүгүмдөп көрүнүп, көңүлдү белгисиз түпөйүл үрөй ээлеп, жомоктун ажайып окуяларын күттүрчү туман моминтип арга түгөтөр жоо болорун ойлобогон. Азыр болсо бууракандаган деңиз бетинде биресе жазылып, биресе жыйрылып, жалдуу ажыдаардай соруп баратат...