ПОВЕСТЬ
Чыңгыз Айтматов: Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт
Аралды курчаган деңизден сүрүлүп келип жаткан толкундар буурул жалданып, аша төгүлүп кетчүдөн бетер аска-таштарды омуроолойт. Жок, Кириск эч балакет көрө албады. Чоң барскан менен бирөө талкалай чаап кеткенсиген жалаң арсак кара таштар. Бирок Мылгун биринчи көрдү. Анын көргөнүн Кириск да көрүп алууга ойдологончо кайык жашыруун буйткага сүзүп кирип кетти. Кириск кызыкканын көрө албай өкүттө калганын Орган карыя сезе койду.
– Көрдүңбү? – деди ал.
Бала калп айта албады.
– Көрө албадым,– деп мойнуна алды.
– Кайра кайрылгылачы,– деди Орган.– Таш арасынан ажырата тааныганды үйрөн. Аны билбей мергенчи боло албайсың.
Бир нерпа көрүп калып белги берсе жатактагы бардыгы сууга кире качмак. Ошондой опурталдуу болсо да, калакчылар карыянын сөзүн эки кыла албады. Кудай жалгап нерпалар байкабады. Алар суунун мизиндеги кырданган таштардын далдаасында, жарака таштардын арасында жаткан.
– Тетиги сынган азуудай учтуу ташты көрдүңбү, быягында кызыл боор таш жатат. Артында тоңголок дөбөчө, ошолордун ортосун кара,– деп көрсөттү Мылгун.
Кириск издеп карап тирмийип жатты. Ал ортодо калактарын калпып, Эмрайин менен Мылгун кайыкты бир ордунда кармап турушту. Суу жаныбарларынын жондорун Кириск ошондо көрдү.Куйруктуу жумуру денелери күржүйөт. Чаарала бозомук жондору жылтылдап, кыймылсыз жатат. Көнбөгөн көзгө алыстан алар таштан айрыгыс эле. Мына ушундан баштап баланы азоо сезим бийледи. Мына деңиздин чыныгы кайберендери. Мына эми чыныгы мергенчилик башталат.
Аздан соң алар кайыкты буйтка жээкке токтотуп, өздөрү жээкке түшүп жатканда да толкундап, эрдиги көкүрөгүн жарып баратты. Эрдик сезим бийлегени – ал азыр өзүн күчтүү, олуттуу сезгени эле. Толкундаганы – ошол учурда чоң мергенчилердин чапчаң, эптүү кыймылдап, кайыкты жээкке кынтыксыз апкелип тирегенин, Эмрайин менен Орган карыя сууну калпый калактап, толкунда туйлаган азоо кайыкты былк дедирбей бир ордунда кармап турганын, Мылгун мышыкча секирип жээктеги шагылга түшкөнүн, анан ал кайыктан ыргытылган арканды ийиндей кармап, кайыкты шагылга сүрдүктүрө сүйрөп салганын, атасы Эмрайин эки винчестерди алып, жээкке секирип түшкөнүн көргөнү болду. Алардын артынан Органдын жардамы менен бала да түштү. Бирок өксүй секирип алып, бир буту сууга малынды. Ага атасы кейиген болду, бирок баланын көңүлү ага бүркөлбөдү. Толкун жулуп кетпесин деп, кайыкта жалгыз Орган калды. Үчөө болсо нерпалардын жатагына жөнөштү. Жээк менен эңкейе басып, өңүттөн өңүткө жүгүрүп жетип баратышты.
Кириск чоңдордон калбады. Жүрөгү көкүрөгүн жарып чыкчудай түрсүлдөп, толкундаткан корстон сезимге кээде башы айланып кетет. Алда чиркин, минтип Кириск чоң мергенчилер менен тең катар деңиз аңына өңүп баратканын Айым-Балыктын эли көрсө кана! Апасы көрсө кана, уулум келечекте чоң мергенчи болуп, элин багат экен деп сыймыктанып карап турбайт беле! Өзү менен бирге ойноп жүргөн Музлук кыз көрсө кана! Мындан ары экөө ойнобой калды го. Анткени мындан ары Кирискенин аты бала эмес, мергенчи Кириск. Ала-Дөбөттүн боорунан бери ушунчалык суу кечип келип, эми күркүрөгөн толкуну жээгин соккулаган аралда, жапан аска, жапан таштарды аралап, нерпанын жатагын өңүп баратканын ал кыз көрсө кана! Эки винчестерди эки чоң мергенчи алып баратканы эчтеке эмес, маалы келгенде аттырам деген атасы. Ошентип алар өңүп барышты да, жатакка жакындаганда сойлоп жөнөштү. Кириск да сойлоду. Музга кошо тоңгон миздүү шагылдын үстү менен сойлош оңтойсуз оор эле, бирок антпесе болбойт, Кириск түшүндү. Кара терге түшүп, дем кыстыгып энтигип, улам бир кара ташка жашынып, кайра кылтыя карап баратышты. Бута атым жерге жеткенде былк этпей жатып калышты.
Ушул учур Кирискенин эсинен өмүрү чыкпас болуп калды. Тамылжыткан жаз күнү, төрт тарабын кыйырсыз деңиз курчаган аска-таштуу суук арал, белгисиз бир албуут күч быркырата ыргытып, үйүп салган куйкул боор кара жар таштар, муз тиштеген жылаңач өлүү жерде боортоктоп жатканы, жанында атасы менен Мылгун акеси мылтыктарын октоп жатканы, тиги алдыда дал эле деңиздин мизиндеги жылгачада, толкундар менен шамалга тозгон арсак-терсек аска-таштардын арасында күнгө боорлорун кактап, дүйнөкапар магдырап нерпалардын тобу жатканы – ушул көргөндөрүнүн баары баланын көңүлүнө терең батып калды. Жатактуу аралдын, жылт-жулт көлбүгөн деңиздин – баарынын үстүндө мунарлуу асман төнүп турду. Бул асман мылтыктын качан атыларын күтүп, дем катып калгандай сезилди Кирискеге. «Тийгизсем экен» – деп тиледи Кириск винчестердин кундагын ыйыгына ыңтайлап жатып. Атасы ага мылтыгын берген. Көптөн эңсеген кези келип, бала өзүн даңкы таш жарган баатыр мерген сезип, көңүлү ташып турган көз ирмемде тиги боорлорун жылымы аз күнгө кактап, сыгылышып жаткан эби-сыны жок семиз нерпалардын диртилдеген жон-сооруларын, бурталары буржуйган боор-чабын карап, ушу жаныбарлар эч балээден кабарсыз тирүү жаткандарын кылт ойлоп, бу байкуштар азыр коргонор-сактанары жок, бечара экенине таң калды. Бирок мунусу бир кылт эткен ой эле. Ал өзү аңчы экенин, эл-журту андан олжо күтүп калганын, нерпанын эти менен майысыз көргөн күн куурал экенин эсине салып, азыр озунуп атып, көзгө түшөйүн деген ой да жарк этти көңүлүндө.