аңгеме
Аман Саспаев: Татым туз
– Оо, кудурет, тарт аманатыңды! Эми кор кыла көрбө! – чал көзүнүн жашын сакалынан куюлтуп ээн үйдө узак ыйлады. Ботосу өлгөн каймал гана ушундай боздомок. Эгер кишилерде үмүт деген нерсе жок болсо, анда бойго эч кандай кайрат бүтмөк эмес. Өмүр өзүнүн канчалык кайгы-касиретин берип койсо да үмүт менен убакыт алдында алар ар качан дармансыз. Келгинбай чал өзөгүн өрттөгөн дартты көз жашы менен жууп кетиргенсиди. Аздап бою сергип, эс токтотуп өзүн-өзү жубатты. Өзүнө-өзү көңүл айтып, кайрат берди. Ар кандай бактысыз кишилер да өзүнүн тиричилиги жөнүндө ойлонбой койбойт эмеспи. Келгинбай чал да болумсуз оокатына көз кырын салды. Үй ичиндеки чачылган бирдемкелерди жыйнап, эски куржунга шыкап таштады. Анан дагы бирдемелерди иштемиш болду. Үй ичин жыйнаган соң жаман талпагына жайланып олтурду да, чөнтөгүнөн кичине түйүнчөк алып чыгып, чебердеп чече баштады. Түйүнчөк ичинде бармактай туз бар эле. Келгинбай тузду алаканына салып, бир нече ирет тилин тийгизип, өтө бир шербеттүү даам таткандай туздуу шилекейин кумарлана жутту. Эчен кыйын кыстоо көргөн учурларда ушул бармактай тузду жалап медет таап, кам көңүлүн жооткото алган да. Өз жеринин бир татым тузу Келгинбай чалдын өмүрлүк колдоочусу, үмүт менен ишеним берүүчүсү, сагынуу менен кусадарлыктын таркатуучусу болуп калган…
* * *
Ата конушка кайта албай, чет жерде аргасыз жалгыз түтүн калгандан кийин Оймокчон бар болгону бир кыз, эки эркек төрөдү. Анын экөө жерге көмүлдү да тагдыр касиреттүү чалга эрмек болсун деп бирин тирүү койду. Баланын аты Эшбол эле. Ал уезддик шаардан окуп жүрүп мугалим болгон соң, башталгыч мектепте иштей баштады. Бирок, үчүнчү жылы эле Гоминдандык полиция жагынан кармалып түрмөгө отурду. Ошондогу анын кылмышы: өзүнүн ата мекени жөнүндө балдарга эки жолу, өз түшүнүгүнчө аңгемелеп берген – «Совет жеринде силердей балдар жайкы дем алышта Кырым деген жерге барып ойнойт. Моюндарына кызыл жагоо байлашат» деген. Бу дагы жаш мугалимдин журналдан гана көргөн сүрөтүнүн түшүнүгү эле. Гоминдандык тыңчылар ошол кезде так эле ошондой сөздөрдү айткан кишилерди издеп, ал жөнүндө маалымат жеткирип, ал кесипти күн көрүүнүн айласы кылып алган. Эшбол совет эли жөнүндөгү ошол «лекциясынан» кийин бешинчи күнү түн ичинде куралдуу желдеттер жагынан ойготулду. Ал кезде майда элдердин эң жетилгени эле мугалим болучу. Бирок, ошол кызматтын өзүн Гоминдандык кытайлар иштей албаганы үчүн гана өз улутунан коюучу. «Малыңарды багып, эгиниңерди салып жата бергиле. Мектептин силерге кереги эмне? Адамдар агартуусуз деле өмүр сүрүп келишкен!» деген үгүттөр ачыктан-ачык айтылуучу. Мугалимдер үчүн кадам сайын курулуу капкан бар эле да, чанда бирөө болбосо көп мугалим ага түшүп турган. Алардын ордуна тажрыйбасыз, билимсиз кишилерден же молдо, сопулардан коюучу. Гоминданчылар беттерине кармаган эл агартуунун иштерин ушундайча тескериленткен эле. Түн ичинде мугалимдин үйүн көздөй куралдуу желдеттер басты дегиче, ал шору каткан мугалим изсиз жоголуп да тынуучу.
Гоминдандык желдеттер кирип келгенде Келгинбай чал баласынан тирүү айрылаар сааты түшкөнүн сезип, аны окутканы үчүн өзүнө наалат айтып, төшөгүндө үнсүз отурду. Желдеттер машкедей шимшип, үйдөкү кагаз бүткөндүн баарын чогултуп алышты. Анан буйрук бере баштады:
– Тур, кийин!
Офицер бул эки сөзгө канык эле, Эшбол шаша койбоду. Жайбаракат кийинди. Ал өз мугалимдеринин артынан «барса келбеске» кетип бара жатканын тымызын сезген болуучу. Ал: «Мен эми жарык дүйнө менен коштошуу үчүн, азыркы сааттан баштап ата-энемди кайрылып мүлдө көрө албас жерге баруу үчүн даярданып жатам!» деп ойлоду. Кантсе да ал киймин кийип болуп, эшикти көздөй басты. Төшөктөн башын чыгарып өлүктөй сулк жаткан шордуу Оймокчон бакырып ыйлап жиберди.