Фатима Абдалова

Ташка тийип, ат туягы үзүлөт, сапар соңун билсе билер Ай гана…

Фатима Абдалова

ТИЛЕК

Энеке, мен бир күнү үйүңөргө,
Акжолтой уяң келин болуп барам.
Баласаак жүрөгүңө мен жүгүнөм,
Боорсок жыттуу той үйү көшөгө ачат.

 

Апамдай жумшак өөп маңдайымдан,
“Көшөгөң көгөрсүн” деп жоолук салып,
Бир илим сары майын жегизесиң,
Кылтыйып көшөгөмө жарданышкан,
Кылыктуу бөбөктөргө ичим ысыйт,
Мен силердин күлкүчү жеңеңермин!

 

Энеке мен бир күнү үйүңүздө,
Түйшүкчүл өзүңө окшош эне болом.
Уулумдун апам берген бешигине,
Сактаган көз мончогум тагып коём.
Энеке, мен да күнү ордумда отура албай күйпөлөктөп,
Үйүмө келин тосом!

 

МЕН ДҮЙНӨНҮ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

 

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

 

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

 

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды күлгөнүнөн тааныгам.
Күнгө окшошуп кетээр эле күлкүсү,
Күндүк жолдун ары жагынан чакырган.

 

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

 

ТОКТОП КАЛГАН ЖАЗ

… Аппак тоонун артында Жаз бар эле
Түндөрүндө токтогон Ай жанчу эле.
Айды тоспой, өтүшүп тегеренип,
Ак булуттар агарып айланчу эле…

 

Күнгөй тоонун артында Жаз калды эле,
Күндөрүндө токтогон Күн жанчу эле.
Күндү тоспой өтүшүп тегеренип,
Күмүштөнүп булуттар айланчу эле…

 

Жаным, ошол Жаз жакка кетелиби,
Дары суудай дайрасын кечелиби…
Бүрү такыр түшпөгөн ошол жаздын,
Гүлүн эмес, күлкүсүн терелиби…

 

Жаным, ошол Жаз жакка баралыбы,
Кол кармашып күлүңдөй басалыбы…
Күз келбеген, эч качан кыш келбеген,
Токтоп калган Жазда аман калалыбы.

 

КАНДАЙ БАКЫТ

«Апа, мама» дегениң кандай бакыт!
Боюм балкып боорума жаттым басып.
Эки мама меники, эрмегим деп
чымчыганың жанымды магдыратып…

 

Уктап кетем магдырап, уктап кетем,
тартсаң дагы чачымдан уктай берем.
Сен оорубай, коркутпай жүрсөң болду,
көңүлү өсүп, оорубай жүрөт энең.

 

«Ба-а-бо-о» деген сөзүңдөн, балапаным,
Айды, Күндү өзүң деп караганым.
Ай менен Күн асманда көрүнбөсө,
Айдай, Күндөй үйүмдө өзүң барсың.

 

Мен Сени түшүмдө көрдүм эле…
«жалт» карап, жанымдан өттүң эле…
Жаркылдап жүрчү деп кабак түйбөй,
чачымдан аярлап өптүң эле…

 

Сен мени эч кимге кыйбас элең,
көңүлгө көрөгөч, кылдат элең.
Сезимди сестейтип сел каптаса,
Сен мени калкалап турар элең…

 

Санаага сайылган жебем менин,
саргайбас кызыл гүл берем дедиң…
Түндөрүң Ай чыкпай өтүп жатса,
Ай кармап бир күнү келем дедиң…

 

Көзүмдөн айланган жебем менин,
көөнөрбөс кызыл гүл берем дедиң…
Күндөрүң Күн чыкпай өтүп жатса,
Күн кармап бир күнү келем дедиң…

 

Сага деген таарынчымды таңгактап,
мен ичиме салып жүрөм ар убак.
Сени — көрбөй өлүш үчүн күтпөдүм,
акыр бир күн келерсиң Сен ал сурап…

 

Акыр бир күн Сен ал сурап келерсиң,
таарынчымдын таңгактарын чечермин,
Тоо көтөргөн ийиндерим титиреп,
токтоналбай, ыйлай-ыйлай берермин…

 

* * *

Ар бурчу аман турса Ата-Журттун,
менин да сиңип турар ичкен суум.
Зыркырап, ооруксунса бир ыптасы,
мени да оорунсунтар урган суугу.

 

Коңшумдун короосуна кайгы кирсе,
коңултак тартар менин үйүм дагы.
Пардасы түшүрүлгөн жалгыз үйгө,
айылдын аза тутар дүйүм багы…

 

Аркырак аз өмүрдүн ташпүшү көп,
ташпүштү мээнет менен жеңсе болор.
Ынтымак бузулбасын ырыскылуу,
темирге урунбасын ыйык жолдор-

 

Жарыгы тийбей сан-миң жылдыздардын,
түнүндө жолдор мынча опурталдуу-
Ак пейил адамдарды сагынгандыр,
ак түндөр кут түшүрүп сонуркатчу…

 

Ачкычы жакшылыктын пейилде го,
пейилде, парасаттуу кенендикте.
Сан көйгөй сапырылып калат беле,
саресеп салсак чогуу мейкиндикте…

 

Ак канат периштелер, барсыңарбы?
Ак жолду арачалап калгылачы…
Чындык деп ооруп калган адамдарга,
чырактай акыры бир жангылачы…

08.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.