Жоомарт БӨКӨНБАЕВ

Менин ырым: Тандалмалар

Жоомарт БӨКӨНБАЕВ

Чачын тарап камданды
Таң сүрүлүп атарда.
Кек алууга жөнөдү
Күн батышка – сапарга.

 

«Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт»
(Тамсил)

Сай жакалай сагызган
Салпактады эңиштеп,
Кекең-кекең жорголоп,
Келе жатты жем издеп.
Көк жылгага жолукту,
Көк шибери көйкөлгөн.
Жергеси толгон калың бак,
Жемиши бышып эңкейген.
Ээлеп ушул жемишти
Консом, деди сагызган,
Эрким менен той-тойлоп,
Тойсом деди сагызган.
Шум сагызган шектенип,
Кайра качты артына,
Тыялбастан напсисин,
Түштү суктук наркына.
Эки көзү кызарып,
Алкы шумдун бузулду.
Бакта бышкан жемишке
Башын салып тутулду.
Жемиш эмес мойнуна
Кылтак түштү, муунду,
Сактыгынан өлбөстөн,
Суктугунан кырылды.

 

Түлкү менен Бөдөнө

I

Шибер чөп маалым кылат жай мезгилин,
Жел эсип экилентет суу эпкинин,
Күн батып... күүгүм кирип жылдыз
                                                     чыгып,
Жамынды көөдөй кара түн кепинин.

Күн бою бир бөдөнө бытпыл уруп,
Ал дагы түн түшкөндө калды тынып,
Жорголоп – корккон жүрөк тайдай
                                                       туйлап,
Жол бою бетегеге кирди жылып.

Пааналап жел эркеси жашыл чөптү,
Кетпестей түнгө сактап чексиз кекти.
Ой бийлеп, кыял белден баскан кезде,
Үргүлөп таттуу уйкуга кирип кетти...

II

Ачкарын түлкү жаткан ичтен тынып,
Узун күн үңкүрчөдө ташка бугуп.
Козголду ал ордунан кирип кыймыл,
Түн катып сапар чекти «жемге» чыгып.

Ар күнү өтүп жүргөн ушул жолдон,
Кээ кезде пыр-пыратат түрлүү кушту,
Кур шимшип, кур алакан болгон кезде,
Кош таноо биле койду жылуу жытты.

Кубанды кымың этип түлкү «күлүп»
Шум түлкү жем тапканда кандай күлүк.
Уйкуда камсыз жаткан бөдөнөнү
Шып этип арсак тиши кетти илип.

III

Жаман иш көрүп жаткан ал түшүндө,
Туткунда эки буту бек кишенде.
«Пыр» этип чочуп кетип, көзүн ачса,
Кармалган шум түлкүнүн уу тишине.

Жалбарды жан соогалап түркүн-түркүн.
– «Жан кыйба, дүнүйө берем,
                                          түлкүм-түлкүм»
Канчалык амал менен жалынса да,
Көнбөдү ал айтканга «кыйды» түлкүң.

Жалдырап бөдөнөнүн эки көзү,
Тытылып ийне тишке кандап төшү.
Жалбарган туткун жандын арыз-муңу,
Жана да сайрап турган ширин сөзү.

IV

Түлкү айтты: «Амал менен тойгуз мени,
Болбосо кебеп кылып жеймин сени».
Бөдөнө жымың этип жалпаңдады,
– «Менде бар агып жаткан тамак кени».

– «Мен учам белги берип бытпыл уруп,
Сен чурка ачпас кылып көздү жумуп.
Бир убакыт мен айтамын «ач көздү» деп,
Калабыз кен тамакты туштап чыгып».

Макулдап бөдөнөнүн айткан сөзүн,
Ырсайтып бычак тишин жумду көзүн.
Бөдөнө ичтен айтып учуп кетти:
«Алдадым, кара ташты түлкү жесин».

V

Бөдөнө учуп келет белги берип,
Шум түлкү чуркап келет эрип-эрип.
Алыстан агарып таң сүргөн кезде
Туш болду бүркүтчүгө булар келип.

Бүркүттүн томогосун сыйрып алды,
Бүркүт да одураңдап карап калды.
«Ач көздү, эми түлкү» дээр менен,
Куушуруп бүркүт келип тырмак салды.

Чыңырып түлкү жатты жерди тырмап,
Жан арга, тыбырчылап куйрук булгап.
Каткырып кээде күлүп, кээде пыр-пыр,
Бөдөнө учуп кетти сайрап, ырдап.

Кутулду бир ажалдан туткун карып,
Амалдап куу зулумду көйгө салып.
Бүркүтчү олжолонуп кайра кайтты,
Терисин шум түлкүнүн сыйрып алып.

Түрдөнүп эски жүнү калган түлөп,
Кээде шат, кээде сайрап, кээде күлөт,
Жок кылып шум түлкүнү амал менен,
Бөдөнө жомок кылып ырдап жүрөт.

 

Мышык менен май

Ачка мышык мыёолоп үйгө кирди,
Аңдып келип илинген майды көрдү.
Ууртунан шилекейи чууруп кетти:
«Эми мына, тойгуча жеймин» деди.

Жетүү үчүн асылып, көп тырмышты,
Жеталбады. Чарчады. Үйдөн чыкты.
– Сасып кеткен май экен, ким жесин, –
                                                                деп,
Шашкалактап калп эле сүйлөп чыкты.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.