Рамис Рыскулов

ГЕНИЙДИН ТАБИЯТЫ

Рамис Рыскулов

 

Түшүнүксүз болот гений чынында,
Чок ташыйт ал келе жаткан кылымга.
Ошон үчүн аны дароо таанышпай
Кайсакташат кана алышпай сырына.

 

Гений койсо катуу коëт чекитти,
Чыгармада билет жандан кечишти.
Билет жана качан жарк деп чыгууну,
Билет качан сценадан кетишти.

 

Далай жылдар артта калат негедир,
Кызыкпастан жылдызданган багыңа.
Эч ким күтпөй эч нерсени турганда,
Атып чыгат бийиктикти сагына.

 

Генийлердин иши турат кычырап,
Чындык үчүн тагдыр жолу бычылат.
Ошон үчүн чыйрак чыгат сөздөрү,
Ыргактары ырларынын чытырап.

 

КҮНДҮ ТОСУП ЧЫККЫЛА

Эй, адамдар, ар күн таңда,
Күндү тосуп чыккыла!
Шимиргиле күн нурларын
Денеңерге,
Сиңиргиле көздөргө.
Ар күн таңда,
Ар күн таңда
Күн жолунда баскыла.
Күн менен бир иш баштап,
Күндөй ишти жасагыла!
Күндөй араан сүргүлө!
Күнүң тийгиз адамдык
Адамдарга!

 

СҮЙӨМҮН ПУШКИН СҮЙГӨНДӨЙ”

Күйөмүн Байрон күйгөндөй,
Сүйөмүн Пушкин сүйгөндөй.
Тагдырын бүтүн дүйнөнүн
Башыма болом үйгөндөй.

 

Энтигип жашап жүрөмүн,
Ат болуп туйлайт жүрөгүм,
Алдыңа тартып койсом дейм,
Жашоонун жашыл мүрөгүн.

 

ЛАБИРИНТ

Лабиринт- шаар,
Көчө толо адамдар.
Тааныштарым кайда житкен.
Кээ жолуккан такыр калат жолукпай.
Түшүп башка трамвайга
Адашкандан адашам.
Барып калам барбайм деген жагыма.
Көрбөйм деген адамдарды
Көрө баштайм.
Тунук витрина ичинде
Турушат
Сулуу манекендер
Жер асты жол, асман жол,
Ошондо да кетким келбейт
Лабиринттен,
Кызыгына улам анын берилем.
Кезем- кезем Лабиринт шаар ичинде
Кезем, кезем!

 

О, ДҮЙНӨ

Чындыктын чытырмандуу чыйырлары,
Чынынан чыйрыктырып ойго салды.
О дүйнө кайда минип баратасың,
Токунуп токтоо билбес толкундарды.

 

Кете бер кечүү терең, күндөр терең,
Адашат акыл-ой да жетпей ченем.
Ааламды батырууга демденесиң,
О, жүрөк, баатырсың эмне деген.

 

О, дүйнө чегин таппай тентиреген.
О, көлдөр, сыр бербестен мелтиреген.
О, дүйнө, түпкүрүнө шыкааласам,
Тирөөч жок ай-жылдызда же тиреген.

 

СҮРӨТ

Катып койгун азыр сага керексиз,
Бул сүрөтүм жүрсүн сенде себепсиз.
Ушул кездер түштөй кайып болгондо
Эскерерсиң анда кандай элек биз.

 

Колуң тийсе кезегинде карарсың
Мени эмес, өткөн күнүң самарсың.
Ай. Жашчылык айтып бүткүс баяның
Кайда калдың, аттиң ай деп жанарсың.

 

ТУРМУШ СЕНИ АЛДАБАС

Тур, уйкудан көзүңдү ач!
Турмуш менен алга бас!
Туш- тараптан жүр-жүр деп
Турмуш сени алдабас.

 

Алаксытып арсыз сөзү,
Абайлабай айтат сөздү.
Турмуш сени жаңылтса да
Туюк жолду ачат өзү.


Ачат жаңы ааламдарды,
Жасайт жаңы адамдарды.
Учкаштырып ышкырылат
Адамдарды, замандарды.

 

Сен өзүңдөн кайра-кайра
Ачтың жаңы күчтүн кенин.
Ал күчтөрдүн нукурасын
Жер энеден тапкын, келгин.

 

ТАЛАНТТЫН ТҮШҮ

Пушкиндин тармал чачтары
Башыма келип конгондой,
Сүрөтүн сулуу периште
Маңдайга асып койгондой.
Таланттын таттуу түшүндө
Магдырап жаттым ойгонбой.

 

Башынан кайта жаралып,
Барабан какты балалык.
Кызарып күнгө баратты,
Алыстан ак там агарып.
Күн нуру көзөп ал тамды
Баратты нары таралып.

 

Ойгонуп карайт дүйнөнү,
Өмүрдүн тепкен жүрөгү.
Балапан куш да пырылдап
Белгилүү канат күүлөрү.
Ырлардын көчү келатат
Жолдоштор, кулак түрөлү!
Ошол таңда ырыстын
Уясында түнөпмүн.
Кызыл- жашыл ырлардын
Саясында түнөпмүн.
Кылымды бойго түнөттүм,
Кылдарын терип жүрөктүн!

 

ОЮНЧУК КАРЫШКЫР (балдар ыры)

Оюнчук карышкырдын көзү өткөнчө
Үй бурчунан балдарга карап,
Анда балдар качышпай тарап,
Оо карышкыр, карышкыр
Кыйынсынбачы
Ай-ай-ай
Биз коркпойбуз сенден ай-ай-ай
А себеби, баатырбыз биз аябай.

 

ЖАШТЫК-САПАР

Эй, жаштык, чык сапарга!
Бизди тосот сапар жылдар.
Жаштык – мезгил аалам менен
Өз күчүңдү сынашчу!
Сүрдөбөс жаштык кармаштан,
Жанып турдук балбылдап,
Көздөн кетпей элеси.
Жер балкыган деминен.
Жаш болуу бул –
Күнгө жетээр кулач болуп сунулуу!
Эргүү, кеңүү
Эркин нурдай элирүү!
Аба- сууга семирүү.
Көк асмандай туруу дайым заңгырап.
Бул турмуштун булккан күчүн
Өз денеңден көп жайдан издеп табуу.
Жаштык- куруш көкөлөтүп сулуу шаар.
Күүлөн, жаштык,
Болгун бийик секирик!
Миң көз менен,
Миң сөз менен,
Миң иш менен,
Миң ыр менен,
Бул турмушту өлчөгүн.
Капачылык – картаюу ал,
Күлгүн, жарк эт
Бул турмуштун
Кайнар көзүн издегин!

08.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.