РУХ ДҮЙНӨНҮН АСМАНЫНДА АЛП ЖАТАТ

Абдылдажан Акматалиев

РУХ ДҮЙНӨНҮН АСМАНЫНДА АЛП ЖАТАТ

 

Гүлсаратым, Аалам үстү чапкылап, –
Ысык-Көлүм, “Ак кемеде” тартылат.
Авдий болсо чындык үчүн күрөшүп, 
Христостой дарга тартып, асылат.

 

“Согушту мен жек көрөм!” – дейт Толгонай, –
Окурманым, кайдыгерден ойгон, ай.
Чыгармалар ошон үчүн жазылат, –
Акча эмес, байлык эмес, китеп бай.

 

Балам келет ата-энесин сагынып, –
Таятанын жомогунан айыгып.
Орозкулдай пенделикке түшкөндөр, –
Базарбайлар турмушунан чалынып.

 

Бостон турат Чындыкка орун талашып, –
Танабай да ага жакын, жанашып.
Эдигейим маңкурт атап Сабитти, –
Казангапты көмө албай, жан ачып...

 

Совет учур жакшы мезгил, кача албайм, –
Ал убактай Бийиктикте жана албайм.
Ошентсе да Эгемендик мен үчүн, –
Жан дүйнөмдүн Эркиндиги – тана албайм.

 

Тоо кулады, – тоолор эмес ойлогон, –
Абийир болчу... адамдардан кордолгон.
Адамзатың бардыгына кайдыгер, –
Бүгүн күнү замана тур, оордогон.

 

Ата-Журтум, элим үчүн жашагам, –
Кыргыз атын таанытууну самагам.
Өмүрүмдө аткарылып тилегим, –
Элдер болду кыргызымды баалаган.

 

Эсиңерде болсо керек “Форумум”, –
Тынчтык каалап Жан дүйнөмдө оорудум.
Аппак карлар курчап турса үстүмдө, –
Эл-жеримдин ынтымагын жорудум...

 

Бар бол, элим, сен деп кылдым кызматым, –
Кечиргиле, кеми болсо бир татым.
Баарыңарга рахматым бар азыртан, –
Кудай айтса, “жолугарбыз”, жүз жашым... 

   23.01.2026, саат 18.10–19.43
    Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев

PS.:  Чыңгыз агайдын сүрөтүн карайм. Телмирет... Унчукпайт... Дагы көптөгөн ойлор, сөздөр катылып турат. Балким, кайрадан кыялымда жолугуп, көздөрүнөн аларды окуп калаармын...

27.01.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.