КАНАТСЫЗ ПОЭЗИЯ БОЛБОЙТ
Евгений ВИНОКУРОВ
Көзү тирүү кездеги ийгилик, атак-даңк көбүнесе кокустуктан жаралат.
Тургеневдин эки акын тууралуу ыр менен жазылган прозасы бар. Юний деген бир акын ыр окуса, аны жактырбай ышкырып, кыйкырып кууп түшүшөт. Юлий деген дагы бир акын ошол эле ырды болор-болбос өзгөртүп окуса, шатыратып кол чаап тосуп алышат.
Бул кандай болуп кетти? Анын себебин акылман карыя Юнийге минтип чечмелейт: «Сен өзүңдүкүн өз убагында айткан жоксуң, ал эми тигил башканыкын өз убагында айтты».
Поль Верлендин тагдыры андан ашып түшпөсө, кем калбайт.
Француз адабий сынчысы М.Нордау минтип жазат: «Верлендин атакдаңкы акыры кантип чыкканын билебиз. Ал карып-арыды дегидей жашка жеткиче өз бөлмөсүнүн бир бурчунан чыкпай иштеген, анчамынча жоро-жолдошторун эсепке албаганда, аны итсиңби, кушсуңбу деген адам болбогон. Бир жыйнагынан кийин дагы бир жыйнагы жарыбаган нускада чыгып, жок дегенде өзүн актабай, басмакана ээсинин өктөөсүнөн башка эч нерсе жаратпаган. Бир дагы кардар Верлендин ырларына кызылдай акчасын майдалатканды каалаган
эмес, бир дагы сынчы ага жүрөк жылытар же дене муздатар сап арнабаган...» (Макс Нордау. Соб. соч. – М., 1913, т.4, с.81. Типогр. В.М.Саблина.)
Верлен качан карып-арып, ичкиликтен башка иши жок калганда гана адабият астанасын ана-мына аттаган жаш акындар тобу аны капысынан кайра «ачып», жаңы агымдын туусу катары тутууну чечет. «Алар Верленди өз доорунун улуу акыны деп жарыялашты...
Ошентип Верленге атак-даңк ал эч нерсе жазбай калганда, жазса да аз, кунарсыз ырларды жаза баштаганда келди».
«Бир ууч топтун мындай илме кайып иши Верлендин итинин чөп жешине кеч да болсо шарт түздү» – деп жазат М. Нордау.
Мезгил өткөн сайын Верленге болгон кызыгуунун «олуттуулугу, акыйкаттуулугу арткандан арта баштады». Ушул тапта Верлен Францияга, дегеле бүт дүйнөгө небак шексиз классик катары таанылган.
Арийне, акыйкаттын андай аныгына жетүү тамаша иретинде, ошол кезде ооматы жүрүп, мактоого тунуп, итенген сайын иши илгерилеген адабиятчылардын, ыр жазгычтардын ачуусуна тийүү максатында башталган.
Атак-даңкты ак эмгек менен тапса да болот, уурдап алса да болот.
Адабий, тактап айтканда, поэтикалык атак-даңк аябагандай таң каларлык нерсе.
Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ