ЗАР ЗАМАН
МОЛДО КЫЛЫЧ
мукамбет абидди.
Кудай үчүн иш кылсаң,
Акыреттик кереги.
Тобо кылсаң, жок кылаар
Канча болсо күнөөнү.
Кудай билет жарандар
Көп жашабай өлөбү.
Тагдыр жетсе, жаныңыз
Учуп кетээр чымындай.
Денең калаар суналып
Буту-колуң жылынбай.
Тирүүлүктө көркүңүз
Ак сарайдын сырындай,
Өлгөндөн соң дүнүйө
Кереги жок кымындай.
Арбагы чоң жакшылар
Миң кишинин деминдей.
Ырыскы, насип канчалык
Кызыл алтын кениндей.
Эл-журтуна аркасы
Тоосу бийик сеңирдей,
Ага-ини пайдасы
Күлүк аттын жеминдей.
Дөөлөтү бар жакшылар
Кырчыны көп өзөндөй.
Сөзгө даана карылар
Айткан кеби меселдей.
Казыналуу молдолор
Кереметтүү эшендей.
Акылы бар азамат
Айткан кеби нускадай.
Колунда жок эр жигит
Жетишпеген кыскадай.
Акылы мол, малы жок,
Аспабы жок устадай.
Сыйлашпаган тууганың
Атасы жат башкадай.
Тил билгилүү боз бала
Жетелеген коштоодой.
Сарамжалдуу азамат
Чегип койгон почтоодой.
Кайраты бар жакшылар
Кара коргон гүл бактай,
Ынтымагы бар болсо,
Мазары бар чарбактай.
Тил алышып турган соң,
Бузулбаган каймактай.
Ынтымагы келбесе,
Бактысы жок арбактай.
Кыйып кетээр бир-бирин
Кытай, кыргыз, калмактай,
Айыл бузган азамат
Уй качырган сайгактай.
Токтоосу жок адамдар
Оюн салган тайлактай.
Сөз бербеген жөө чечен
Учуп жүргөн камгактай,
Пайдасы жок сөзүңүз
Чөп чыкпаган кайрактай.
Өзү жеке сүйлөйдү
Ала качкы жайдактай.
- Буйрук болсо алладан
- Биз да бир күн өлөбүз.
- Жакшылык менен жамандык
- Жазуубуздан көрөбүз.
- Жан аманат болгон соң,
- Жакшы кепти сүйлөңүз.
- Жазыгы жок адамды
- Эч бир жаман көрбөңүз.
- Жаман айтып чагылтып,
- Жанга азар бербеңиз.
- Жакшы чыксаң түбөлүк
- Жүрөсүңбү жалганда.
- Акылыңдан пайда жок
- Акыретке барганда.
- Эли-журтуң не керек
- Эркиң кетип калганда.
- Байкасаңыз дүнүйө,
- Пайгамбардан калган да.
- Падыша болуп жүрсөң да,
- Бир өтөсүң арманда.
- Кыз баланын жакшысы
- Күзгүсү бар айнектей.
- Жакшы кийим жарашаар
- Жашыл моюн өрдөктөй.
- Карап турсаң чырайын
- Таза жууган көйнөктөй.
- Жетпей жүрөөр далайы
- Күкүк менен зейнептей.
- Дүнүйө кимде көп болсо,
- Кайда болсо жыргайды.
- Сарт, ногойдун баарысы
- Шаар куруп, там салды.
- Ойлосоңуз мына бу
- Орус, кытай тууганды.
- Чарбак куруи, бак тигип,
- Калың терек, тал кылды.
- Кызыл терек булуну
- Кымбат кылып, мал кылды.
- Алакандай кагазды,
- Беш коконго баа кылды.
- Мына бу тыйын чыкканы
- Береке журттан тайылды.
- Жылас болгон замана
- Жылдан жылга тарылды.
- Бышыксынган адамдар
- Бересеге чарпылды.
- Алык-салык көбөйүп,
- Бей-бечара зарылды.
- Шарият иши бүт калып,
- Закон деген табылды.
- Молдолор кылды борумду,
- Башка селде коюлду.
- Өлүк өлгөн жер болсо,
- Орой басып чогулду.
- Байкасаң, баары алууда,
- Байлады шайтан жолуңду.
- Кудайдын сөзү куранды,
- Курандан таалим ким алды,
- Алым-таалим болгон соң,
- Чакырбас жерге не барды.
- Китептен көрүп турабыз
- Жакшылык менен жаманды,
- Абайлап жүрсөң болбойбу
- Аят, адис кабарды.
12.10.2025