Көксулуу
Жеңижок
Алты күн жатпай койнуңда.
Жети кулач кыл аркан,
Жээрде аттын мойнунда.
Жети күнү жатпадым,
Жетигим сенин койнуңда.
Теңтуштан тагдыр кошподу.
Телтору тандап ат чапсам
Телторум аттан озбоду.
Теңирим салды бул кайгы,
Тек жаткан дартым козгоду.
Тепкедей чактан бир жүргөн
Теңибиз кыйнайт окшоду.
Курдаштан жазмыш кошподу.
Куландан тандап ат чапсам,
Кубантып аттан озбоду.
Кудайым салды бул ишке,
Кусадар дартым козгоду.
Куушуп ойноп, бир жүргөн
Курбулук кыйнайт окшоду.
Көлгө түшкөн өрдөктөй,
Көздөтөсүң, Көксулуу.
Көз жашымды көбөйтүп,
Көлдөтөсүң, Көксулуу!
Көңүлдүн назик ышкы отун,
Козготосуң, Көксулуу.
Көчтөн калган тайлактай
Боздотосуң, Көксулуу.
Саятчы* салган боз куштай,
Саматасың, Көксулуу.
Сагындырып адамды
Саргайтасың, Көксулуу.
Өлүп калсам, калаармын,
Өлбөй тирүү бар болсом
Өзүмдүк кылып алармын!
Аман болсом табармын,
Антташып койгон сөз үчүн
Ажыратып алармын!
Акындык менен алты күн,
Айтып алган, Көксулуу.
Айтканы менен калкымдын,
Алып кеткен эринен,
Алыска кеткен жеринен
Тартып алган, Көксулуу!1
Чечендик менен жети күн,
Чечип алган, Көксулуу.
Чердеңдеген эринен,
Четке кеткен жеринен
Жетип алган, Көксулуу!
1: Тартып алган Көксулуу Аксынын Авлетим деген жеринде жашаган Ажынын уулу Сулайманкул датканын күчү менен Көксулууну бир жумага жеткизбей Женижокко кайра алып берген экен, акын ошону айтып жатат.