Кет Бука: Туу куйругу бир кучак, Тулпар качты, Айганым...

Легендарлуу акындар

Кет Бука: Туу куйругу бир кучак, Тулпар качты, Айганым...

Ошондо Айхан жолборсту башка чаап өлтүрүп, жонунан кайыш тилип, Жолчухандын сөөгүн үйүнө алып кайтыптыр деген сөз бар.

 

КЕТБУКА (Бука ырчы)

Легендарлык ырчылардын катарында кылымдардан кылымга ысымы аталып жүргөндөрдүн бири - Бука ырчы. Ал орто кылымдарда найман уруу сунан чыккан, кадыр баркка, сый-урматка ээ болгон инсан.

Анын чыгармачылыгынын калыптанышы, өсүп-өнүгүшү замандын каардуу мезгилине - Чынгысхандын тушуна дал шайкеш келгендиги жана ошол мезгилдин тарыхый окуялары менен жандуу аралашып тургандыгы менен даана айырмаланат. Чынгысхандын тушунда миңдеген жана «мен деген» көп ырчылар жашагандыгына эч кимдин күмөнү жок, бирок алардын чыгармачылыгы эл оозунда айтылып, Бука ырчыдай уламышка айланып калбады. Анын ысы мынын өзгөрүлүп калышы да түздөн-түз Чынгысханга барып такалат.

Чынгысхандын улуу уулу Жуучунун өлүмү азыркы күнгө чейин табышмак, ал жөнүндө ар түрдүү көз караштар, талаш тартыштар жана оозеки чыгармачылыкта көптөгөн варианттардагы уламыш-аңыздар бар. Демек, Бука ырчынын маданий мурасын ошол мезгилден жана тарыхый окуялардан бөлүп алууга болбойт. Албетте, уламыштар мезгил өткөн сайын жылышып, жаңы мазмун алып өзгөрүп турушу мүмкүн, бирок Жуучунун өлүмүнө байланыштуу Бука ырчынын чыгармасы түрк тилдүү элдердин фольклорунда, негизинен, бирдей айтылышы менен жалпылыкка ээ.

Бука ырчынын чыгармачылыгынын элдин аң сезиминде калып калышынын бир себеби - Жуучунун жөн эле өлүп калышы эмес, атайы карасанатайлык менен өлтүрүлүшү аркылуу түшүндүрүлөт.

Тарых барагына кайрылсак, академик В. В. Бартольддун көз карашы боюнча Жуучу кыргыздар менен тығыз байланышат. 1207-жылы кыргыздардын өлкөсүнө келгенде аны ак шумкар, боз ат жана кара калтарларды тартуулап тосуп алышкан.

Чындығында, Жуучу хан өтө акылдуу, ак көңүл болгон, каратып алган жерлериндеги элдерге камкордук кылышы, бейпилдикти каалашы, кадыр-баркынын өскөндүгү менен атасынын каарына калган. Ошону менен бирге өз уулу эместиги жөнүндөгү ой да (Борте меркиттерге туткунга түшкөндөн кийин Жуучу төрөлгөн) Чынгысханды психологиялык жактан түбөлүк кыйнаган.

Көптөгөн тарыхый материалдар боюнча Чынгыс хан өлөр-өлгөнчө Жуучуну өзүнөн алыс кармап, андан шектенип келген. «Когда Жоши увидел земли и воды, воздух кипча ков, он понял, что во всем мире нет лучше земель, прозрачной воды, чистого воздуха, как у кипчаков. Он настолько любил кипчаков, что обязался, что, оставшись на этой земле, спасти (освободить) этот народ от разорения; он сказал своим единомышленникам, что Чингисхан, видимо, сошел с ума, поэтому разрушил столько земель, истребил столько народа, поэтому когда выйдем на охоту, я его убью. Чагатай, почуяв эту мысль брата, доносит отцу, и отец повелел убит Жоши, незаметно дав яд»2

Бирок Чынгысхан уулун өлтүртүп коюп: «Ким де-ким суук кабар алып келсе, анын оозуна корго шун куямын!» - деп алдастаган.

Жуучунун өлүмү жөнүндөгү легенда 1897-жылы «Киргизской степной газета» деген басма сөздө жарык көргөн (Омск, 1897, № 13, 14, 18). Анын өлүмүн Чынгысханга угузуу жөнүндө легендалар көп кездешет. Мисалы, ХІІІ кылымда өмүр сүргөн арабдын атактуу илимпозу Ибн-аль Асир жазып калтырған. Чынгысханга уулунун өлүмү тууралуу кет Бука деген улуу акын билдириптир.

Жуучунун өлгөнүн угузуу жөнүндөгү легендалар да башка элде ар кандай жагдайда болгону менен жалпы мааниси бир.

Б. Кебекованын төмөнкү пикирине толук кошулабыз: «Кыскасы, угузуу бардык элдерге бир башат тан тарагандыгы талашсыз. Анын ногой фольклорундагы фактылар да далилдеп турат. Албетте, чыгарма жаралган доордон бери нечен кылымдар өттү, ногой, кыргыз, казак элдеринин тарыхы да, тагдыры да өзгөрдү, жашаган территориясы жагынан да айырмаланды. Ар бир элде өз төл чыгармасы катарында өз өзгөчөлүктөрү менен жашады».

Айрым варианттарда Чынгысхандын аты алмаштырылып Айхан делип жүрөт. Мындай алмашуу элдин мифологиялык түшүнүгүнөн келип чыккан. Кыргыз фольклорунда Чынгысхан (Айхандын) баласынын каза болушу үч түрдүү түшүндүрүлөт.

Биринде кулан тепсеп өлтүрөт3, экинчи вариантында Айхандын Жолчухан аттуу жалгыз баласын жигиттери менен сейилдеп жүргөн жеринде жолборс чайнап салат. Бир нускасында Айхан жалгыз уулун суук көздөн качырып, бийик жар таштын бооруна атайлап үй салдырып бактырган жеринде кара курт чагып өлтүрөт. Бардык варианттарда баласынын өлгөнүн каардуу ханга даап угуза албай адамдардын айласы куруйт. Ошондо Бука ырчы өтө акылдуулук менен текстке мол көркөм сөз каражаттарын колдонуп, комуздун муңдуу ыргагы менен оор кайгыны Чынгысханга (Айханга) жеткирет Чынгысхан суук кабарды угуп, Бука ырчыны «кет Бука» деп кууган. Мына ушул тарыхый себептен улам Бука ырчы кет Бука аталып кеткен.

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.