КУРМАНБЕК
ЭПОС
Капилет уктап түш көрдүм,
Кадиктүү жаман иш көрдүм,
Как жүрөктүн башынан
Кан аралаш муз көрдүм.
Бир кадигим түшүмдө,
Карып жанга күч көрдүм.
Алтын ооз шаарымды,
Алты айланып алыптыр,
Алты миң калмак, мен жалгыз,
Тегеректеп калыптыр.
Кан чачышар күн келди,
Менин жаш өмүрүм карыптыр.
Жер жайнаган көп калмак,
Жети айланып алыптыр,
Жети миң калмак калаамды,
Тегеректен калыптыр!
Жин чачышар күн болуп,
Жигиттик өмүр карыптыр.
Түндөгү көргөн түшүмдө
Качырып чыктым кубалап,
Мына бу турган калмактар
Качып берди чубалып.
Каарыма чыдабай,
Катарланып куланып,
Калмактардын артынан,
Сайып жүрдүм кубанып.
Курчап турган калмакты,
Кууп чыктым шаардан,
Куш алган чилдей таратып,
Бириндеттим талаадан,
Бурула албай алдыма,
Түшүп берди аламан.
Жаркырап чыккан күн дебей,
Жатар мезгил түн дебей,
Жалганып качпай күүгүмдө
Жан аябай түнүндө,
Жапырып жүрдүм миңдебей.
Түндөгү көргөн түшүмдө
Атым баспай алдырап,
Качып кетет шайман жок,
Кара тер басып шалдырап,
Калмактардан камалып,
Кала бердим каңгырап,
Түндөкү көргөн түшүмдө,
Көөдөндү найза аралап,
Көкүрөктү жаралап,
Көөдөнүмдөн кара кан
Көп куюлду салаалап,
Көп калмактар жанымды,
Кыйнап турду камалап.
Жүрөктү найза аралап,
Жүлүнүмдү жаралап.
Жүрөктөн каным салаалап,
Жер жайнаган калмактар,
Жер таянтты камалап.
Көргөн түшүм, Канышай
Бул эмне болучу.
Курманбек
жакшылыкты
Көкүрөктө санаа көп,
Көңүлдөнүп жоручу!..
Калмак келсе кокустан,
Каламда жазган шор ушу...
Курманбек түшүн айтып өттү. Канышай жамандыкты, жакшылыкты тең санап, чачын тарап, Курманбекти карап көргөн түшүн жакшылыкка жоруп турган жери:
— Адамзат уктаса
Ар бир түркүн түш кирет,
Түбөлүгү түз болсун,
Түштүн жайын ким билет?
Азамат эрдин башына
Ар иш түшөт миң ирет.
Түндөгү көргөн түшүңдү
Оңдоптур кудай ишиңди.
Томолото сайыпсың,
Түбүнөн кектүү кишиңди.
Кара таандай калмакка
Кайрапсың болот тишиңди...
Капилет көргөн түшүңдө
Каалаптыр кудай ишиңди,
"Оңкосунан салыпсың,
Оюңда кектүү кишиңди.
Жалпы калмак келсе да,
Жаныпсың болот тишиңди.
Көөдөнүңдү найза аралап,
Көкүрөгүңдү жаралап,
Көбүктөнуп кара кан
Көп куюлса салаалап
Күчүңө батпай көп калмак,
Качат экен талаалап,
Жүрөгүңү найза аралап,
Жүлүнүңдү жаралап,
Жүрөгүңдөн кара кан.
Агып турса салаалап
Жүзүңдү көрсө көп калмак,
Качат экен талаалап.
Кубатың кетип калмактан
Куруп калып жүргөнүң,
Куу талаада бөрүдөй
Улуп калып жүргөнүң,
Калмакты сайып салыпсың,
Касташарга душман жок
Ханым, өзүң жалгыз калыпсың,
Караңгы кетсең бу жерден,
Жарык келет экенсиң,
Касташканын калмакты
Алып келет экенсиң.
Аман барып жаркырап,
Кайтып келет экенсиң.
Касташкан жоодон тындым деп,
Жалгызым айтып келет экенсиң.
Жоруган түшүм кут болсун,
Тууруңа туйгун куш консун.
Таалайыңа жалгызым
Талабың туура туш болсун.
Душманыңдын жүрөгү
Эрибес черлүү муз болсун...
Курманбектин алты жашар баласы Сейитбек уктабай жатып, энесинин
сөздөрүн угуп ойлонду: «Атам калмакка барам деп түшүн жорутуп жатат. Атам кайгылуу.
Ажал жетип калмактан өлүп калса, өзүнүн баласына ат бербеген чал мени оңолсун деп ойлобойт го; чалдын каары менен жаман чыгып калып, жакшы атайын наамын булгаганча өзү менен жөнөйүн, өлүп кетсе колум менен көмөйүн, өлбөсө өнөрүн көрөйүн» — деп, Курманбекке карата баласы Сейитбектин айтып турган сөзү:
—Арманын уктум атамын,
Айтканын уктум апамын.
Көңүл ачар сөз эмес,
Көргөнүмө капамын.
Көңүлүм өспөй жаш калып,
Көзүмдү кимге сатамын.
Көтөрө албайм балапан,
Көркоо чалдын чатагын...
Көз ачык калсам мен жетим,
Кимге барып батамын?..
Өз баласын каргаган
Чал ачабы көңүлдү,
Эне-атамын сөзүнө
Санаам эки бөлүндү,
Чалдан кордук тартканча,
Тилеймин жашта өлүмдү.
Курманбектин уулу деп,
Кургак сөзгө семирбей,
Атанын ордун аздырып,
Жаман чыкты дедирбей,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.