КУРМАНБЕК
ЭПОС
Үч ай өтүп кетиптир
Калмакка барчу күнүмөн,
Камынып калды өскөн деп,
Каражандан түңүлөм,
Кезегимдин өткөнүн,
Ойлоно калдым бүгүн мен,
Атама ылдам баргыла,
Салам берип алдына,
Колуңарды куушуруп,
Акыл, кеңеш салгыла.
Кабыл алса Тейитбек,
Кечикпей келип калгыла.
Алтай сапар жол жүрсө
Арыбаган Телтору ат,
Ачка турса арыктап,
Талыбаган Телтору ат,
Алтымыш асый болгуча
Карыбаган Телтору ат.
Жети ай сапар жол жүрсө
Арыбаган Телтору ат,
Жем жебесе арыктап,
Талыбаган Телтору ат,
Жетимиш асый болгуча
Карыбаган Телтору ат.
Күмүш саат колунда
Бурап келгин кырк жигит,
Күлүк атын атамдан
Сурап келгин кырк жигит,
Күлүктү минсем калмакты,
Алар белгим кырк жигит.
Алтын саат колунда
Бурап келгин кырк жигит.
Арыбас, талбас тулпарды
Сурап келгин кырк жигит,
Тулпар минсем душманды
Кырар белгим кырк жигит.
Жалгыз уулун Курманбек
Телтору ат берсең минет де,
Жолго түшүп жөнөсө,
Жоонун сырын билет деп
Душманга сүрдүү Курманбек
Тулпарды берсең минет де.
Кара шаар Камбылга
Карышкырдай кирет де
Кабылан сүрдүү баатырың
Калмактын жайын билет де.
Ат сурадык таксыр де
Батасын берип калсын де
Кызматын кылар мен бармын,
Кызыгыма батсын де.
Анттуу жоого кор кылбай,
Айламды өзү тапсын де.
Кабарымды атама
Айтып келгин кырк жигит,
Бербесе да кечикпей,
Кайтып келгин кырк жигит.
Кырк жигит туруп, Курманбектин сөзүн угуп, аярдабай аттанып, жолго түшүп шаттанып, «Каарлуу хан эле, какшыкчыл чал эле» деп сактанып коркушуп, колдорун куушуруп аттан түшө калышып, Курманбектен салам айтышып, Тейитбектен Телтору атты сурап турган сөзү:
— Атсалоому алейкум,
Асыл датка ханыбыз,
Балаңдан алик алыңыз;
Амандашып кетүүгө
Алдыңа келдик баарыбыз...
Алдыңызга таксыр хан
Арзыбызды айталык,
Аттанышка аз калды,
Амандашып кайталык.
Жан аябайт жалгызың
Жашынан элди кайтарып.
Калмакка бүлүк салуучу
Каралым үч ай өттү деп,
Камы бүтсө калмактар,
Талап кетер элди деп,
Калмактан калың эл коргоп,
Ат суратты Курманбек.
Теке жоомарт Телтору ат
Атам берсе минем дейт,
Ок өтпөгөн ак олпок
Айдалыма кием дейт.
Тоодак тепкен шумкардай,
Калмактарга тием дейт,
Аябай атын берсин дейт,
Атам Тейит келсин дейт.
Аты жакшы болбосо
Адамдын баары эрсинбейт,
Алтын ооз шаарымды
Атам Тейит көрсүн дейт.
Калкыңдан бир мал алдырбай,
Душмандан бүлүк салдырбай,
Элиңди баккан Курманбек,
Эр эңиште эчендин
Эбин тапкан Курманбек.
Жоонсунуп жол бербес,
Жооңду чапкан Курманбек.
Курманбек да өз балаң,
Кырк жигит да өз балаң,
Ушулардын баарысы
Акылыңдан чыкпаган
Акыл берсең Тейит хан
Айтканыңа ыктаган.
Жоо сайышса, бир сайган,
Туу жайышса, бир жайган
Амандыгын тилейбиз.
Курманбектин «кудайдан»
Тиер кези таксыр хан
Жалгызыңа чоң пайдаң!
Сагыныптыр шумкарың
Салышаарга чабытың,
Кайдигер жоого кетирбе
Каралдыңдын намысын!
Тулпар чыкты багыңа
Туулгандан бир атың
Аргайсы хандан артыкча,
Таксыр сенин ыраатың.
Чыгарбагын душманга
Чырагыңдын аятын10
Жооп берсеңиз кайталык
Душмандын сезин кыйратып,
Эр Курманбек баатырга
Сизден салам айталык.
Телтору атты берсеңиз
Жоого минсин жайкалып...
Угулар бекен арыз-дат
Берилсе болду Телтору ат.
Телтору атты берет деп,
Курманбек тосуп олтурат.
Келип калса калмактар
Чабамын деп кол сунат.
Тейитбек акырая карап, кырк жигитке ачууланып, эгин кемшиңдетип, сакалын селкилдетип, Курманбекти каргай баштады.
«Мага кеңешпестен өзү билип калмакка чабуул салат, менин айтканыма болбой катын алат, өз керегим тийбестен Телтору атымдын кереги тийиптирби? Мурун ээ кылбай атымды алып берүүчү энеси деги өлгөн. Эми мен ат бере албайм» деп, каргап турган жери:
— Атымды бербейм, кырк жигит,
Аңылдап үргөн катар ит!..
Кара нээт канкорго
Кандай акмак ат берет!
Ата безер немеден,
Атасы кантип күн көрөт.
Бейли кара уулума
Бер албаймын атымды,
Менден жакын асырайт,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.