ЧИГИТЕЙДИН ЖООГО АТТАНЫШЫ

Жусуп Мамай

ЧИГИТЕЙДИН ЖООГО АТТАНЫШЫ


Тулпардан калган туйакты,
Тунжурдан калган чунакты,
Ак калпак кыргыз журтуна,
Өчпөй күйгөн чыракты,
Жети атадан бер жакка,
Жеткилең болгон сурагы,
Өз-жат дебей чыр салган,
Кара сууга кан куйган,
Өлөңдүү жерге өрт койгон,
Жалынсыз күйүп өрт болгон,
Жалгызды издеп келатам.
Жараар болсо керекке,
Жабырымды эми айтам.
Көкөй турса жабырап,
Жабыла сүйлөп калышты,
Ит агытып, куш салган,
Жаш балдары бабырап,
Нес оору тийген немедей,
Чигитей турат жалдырап,
Кара көздүү Сулуукай,
Сүйкүмдүү сөздө муңу бар,
Ушулардын ичинде,
Мөңкөтай деген бирөө бар:
- Алыстан келдим мен, дедиң,
Көөнүмдө айтам түгөнгүс,
Көйнөктөн бетер кир, дедиң,
Элиң менен жериңди,
Алдында айта кетпедиң,
Ким экенин билбедиң,
Кайдан келген адамсың,
Жайың айткын билдирип.


Арстандан тукум жок эмес,
Арзандык менен тукуму,
Оморулчуу тоо эмес,
Оңойлук менен кишиге,
Алдырып койор жоо эмес.
Мына бу турган Чигитей,
Сомбилектен калыптыр,
Мадыбектин уулу эмес.
Ак калпак кыргыз алаш журт,
Бүлүнүп көргөн журт эмес.
Элөөсүз айттың ким болсоң,
Бу Көкжалдан калган тукуму,
Карап эми турчу эмес.


Чигитейди билгизип,
Келген киши кимсиң? деп,
Мөңкөтай айтып турду эле.
Карала атты камчылап,
Бастыра түшүп токтолуп,
Байкуш катын жабырап,
Башынан түштү кеп салып:
- Жакынкы өткөн заманда,
Маңгыттан чыккан Калдуубет,
Качып барган калдайга,
Сомбилектен куугун жеп.
Кулагым угуп жүргөмүн,
Айтып жүргөн Медеркан,
Калдуубеттен Отор деп,
Эркек бала туулду, деп.


Каңгайды алып Сомбилек,
Хан көтөргөн Сатайды,
Адам башы көтөргүс,
Канчалык алым олжо алды,
Жылында берип турганга,
Тилинен мөөрлөп кат алды,
Узатып берип тургун, деп,
Айткан экен Сатайды,
Алтай, Капал, Илеге,
Атагы казак дегенге,
Медерканды хан кылып,
Койгон экен ал жерге:
“Кыргыздан келбейт бул жерге,
Жылында берчүү алымды,
Медерканга бергиле.”
Сатай алман салыптыр,
Медеркан барып жылында,
Өткөзүп аны алыптыр,
Бир алыптыр Сомбилек,
Андан кийин барбаптыр.
Эки жылдын алдында,
Каңгайлардын журтунан,
Эки бала тың чыгып,
Табай, Катай аттары,
Эл бүлүнткөн чыр чыгып,
Отор ага кошулуп,
Элди жыйнап той берип,
Сатайды кууп салыптыр,
Хан болгон Сатай ордуна,
Отор болуп алыптыр,
Моңгул, калмак, таңгыттан,
Анжу менен манжудан,
Эстүү-баштуу эр жыйнап,
Калтырбай кары тең жыйнап,
Карылардан кеп сурап,
Эрлерине угузат.


Таңгыттан Дөрбөн оолугуп,
Чогулушуп олтуруп,
Кеңеш кебин салыптыр,
Беш уруктан чогултуп,
Жүз элүү миң аскерди,
Отор жыйнап алыптыр.
Таласты талап алам, деп,
Талапка жетсе мудаам, деп,
Аттаныптыр каңгайдан,
Казактын калкы жатыпбыз,
Кабар укпай алардан.


Атагы казак баары элди,
Айдап малын талады,
Сомбилек койгон Медеркан,
Каңгайлык келип кармады,
Акыл айтар киши жок,
Казак ээсиз калганы,
Өзүмдүн атым Көкөймун,
Көңүлүм тыным албады.
Карала ат минип камдандым,
Катын да болсом каардандым,
Алты түнү тынчыбай,
Каңгайларга чыр салдым,
Күндүзү жаттым аң-аңда,
Түндөсү бардым чыр сала.
Таласты көздөй жөнөдүм,
Чыдай албай жапаага.
“Сурай-сурай Мекеге,
Барат” деген укмуш бар,
Учураса кара баш,
Уламалап кеп сурап,
Талас кайда? деп сурап,
Жыйырма алты күн болгондо,
Бүгүн келип турамын,
Көрбөгөмүн, уккан жер,
Көкжал өткөн Кеңколго.


Казактын калкы ушундай,
Каңгайлык келип жер басып,
Тынчы кетти биздин эл.
Семизин кармап сойдурду,
Уланын кызмат кылдырды,
Келинин алды каңгайлар,
Кыз сулуусун жыйдырды,
Кылбаганы калбады,
Кары менен жашыбыз,
Ыйлап баары зарлады,
Хан болдум деп Медеркан,
Сомбилекке жөлөнүп,
Казакка салды арманды.
Эркектен бирөө бастырып,
Бул жерге келе албады,
Мен Медеркан катыны,
Силерге келдим айткалы.


Айтып Көкөй муңайды,
Агып жашы чубалды:
- Барсаң кыргыз, өзүң бил,
Барбасаң , кыргыз, өзүң бил,
Кармоодо эрим, көөнүм кир.
Башка эмес башыңа –
Сомбилектин уулу деп,
Бул Чигитей жаныңа,
Кабар айтып болдум, - деп,
Көкөй кайра бурулду,
Алдында минген Карала,
Камчы менен бир урду.
Бастырып жөнөй бериптир,
Чигитейдин ойуна,
Далай неме келиптир,
Калгандарга кеп кылбай,
Кыймыл этип кыңк этпей,
Ачылып ээрди бүлк этпей,
Бастырган бойдон Чигитей,
Атасы – баккан Мадыбек,
Укканын айтып аа, берет.


- Уруксат бергин маа, ата,
Болбогун капа сен, ата,
Колуңду жайып батаң бер,
Тулпардан тандап атың бер,
Соотуң менен туулгаң бер,
Мен барайын Каңгайга,
Келип калса Таласка,
Жакшы болбойт кыргызга.
Кулжуң этип Мадыбек,
Кулжуңдап далай кеп кылбай:
-Кой, Чигитей, койгун, - деп,
Тор этиң сенин толо элек,
Аттанар чагың боло элек,
Эл кыйналып, кысталып,
Чубуруп качып бергенде,
Тогузунда амалсыз,
Аттанган экен Сомбилек.

30.12.2025

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.