Мо Ян

Жаш калемгерлерге кырк беш кеңеш

Мо Ян

 

Мо Ян: жаңы авторлорго жазуучулук жөнүндө 45 кеңеш

 

ытайлык белгилүү жазуучу, адабият боюнча нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Ян жаңы калем кармагандарга төмөнкүдөй 45 кеңешин айткан. Аны кытай тилинен Дабыт Абдылбары уулу которуп сунуштайт.)

 

Кантип жазып баштоо керек?

 

1. Тааныш нерседен башта.
Өзүң эң жакшы билген, эң унутулгус жашоо тажрыйбаңдан жаз.

 

2. Мекенди таяныч кыл.
Жазуучунун мекени – бул жөн гана ата-энеңдин жери эмес, балалык жана өспүрүм куракта терең из калтырган жерге.

 

3. Өзүң жөнүндө жомок айтып берип жаткандай жаз.
Жазып жатып, өзүңдү базарда элге жомок айтып турган адам катары элестет.

 

4. Жазып баштоо ойлонуп отуруудан маанилүү.
Канчалык начар чыкпасын, адегенде аягына чейин жаз. Жазылып бүткөндө гана оңдоого негиз пайда болот.

 

5. Балалык көз карашты баала.
Балдардын дүйнөнү көрүшү таза, жөнөкөй. Бул көз караш көп учурда адабияттын чыныгы маңызына жакын.

 

6. Каармандан башта.
Эгер жазуучу окурман эстеп кала турган бир нече каарман жарата алса, бул чоң жетишкендик.

 

7. Жазуу “жерге жакын” болсун.
Бутуң топуракта болгондо гана калемиңде жан болот. Асманда калкып жазба.

 

8. “Жөнөкөйлүктөн” жана “элдиктен” уялба.
Элдик тил, макал-лакап,
жаргон сөздөр көп учурда китеп тилинен жандуураак.

 

9. Адегенде бүтүр, анан кооздо.
Алгачкы вариант орой болушу мүмкүн, бирок ички деми, жалпы ыргагы толук болсун. Назик иш кийин жасалат.

 

10. Жазуу – дыйканчылык сыяктуу.
Дыйкан түшүмдүн бышышын күткөндөй, окуяңдын өсүшүн, каармандардын толушун сабыр менен күт.

 

11. Окуу – жазуунун даярдыгы.
Мен бала кезде «Ляожай
аңыздарын» (кытайдын эң белгилүү уламыш-аңыздар жыйнагы) окугам, кийин анын эң мыкты адабий машыгуу экенин билдим.

 

12. Чыныгы сезимди жаз.
Кичинекей кубаныч же майда таарыныч да жазуунун башаты боло алат.

 

13. Тилге сезимтал бол.
Музыкалык аспаптай болуп, турмуштагы үндөрдү, ыргакты кармоого дайым даяр бол.

 

14. Кайталоодон коркпо.
Улуу чыгармалардын темалары да кайталанат, бирок ар бир баяндоодо жаңы өң, жаңы катмар бар.

 

15. Жазуу – өзүңдүн ишиң.
Калем кармаганда окурманды да, бааны да унут. Жазуу – алгач өз жүрөгүңдү жайгаруу үчүн, өзүң үчүн жазуу.

 

Кантип жөнөкөй жазуу керек

 

16. Этишти көп, сын атоочту аз колдон.
Этиш сүрөттү кыймылга келтирет, ашыкча сын атооч алсыратат.

 

17. Диалог каарманга ылайык болсун.
Дыйкан дыйканча, интеллигент интеллигентче сүйлөсүн.

 

18. Деталь – эт менен кан.
Так жана өзгөчө бир деталь бош пафоско толгон узун баяндоодон күчтүүрөөк. Деталь – окуянын жаны.

 

19. Теңештирүү жаңы жана ылайыктуу болсун.
Теңештирүү өз байкооңдон чыкканы жакшы. Мисалы: «Ай түндү тилип кеткен ийри бычактай».

 

20. Чөйрөнү баяндоого катыштыр.
Шамал, жамгыр, аба ырайы, жарык – баары окуяны алдыга жылдырып, тагдырды да өзгөртө алат.

 

21. Түшүндүрмөнү чекте.
Адабият түшүндүрбөйт, көрсөтөт. Сахнаны, кыймылды, диалогду
даярда – окурман өзү сезсин.

 

22. Узун-кыска сүйлөмдөрдү айкалыштыр.
Узун сүйлөм – агымдуу, кыска сүйлөм – күчтүү. Айкалыш
ып, тынык алгандай ыргак жаратат.

 

23. Үндү, жытты жаз.
Үн менен жыт – эске тутуунун ачкычы, атмосфера түзүүнүн күчтүү куралы.

 

24. Каарманда кемчилик болсун.
Идеал каарман ишенимсиз. Кемчилиги бар адам гана тирүү.

 

25. Окуя табигый өссүн.
Сюжетт
и зордоп жылдырба, каармандар өздөрү жол тапсын.

 

26. Боштук калтыруу – урмат.
Сөздүн жети
үлүшүң айт, үч үлүшүң калтыр. Окурмандын элестетүүсүнө орун бер.

 

27. Тилдин ыргагы болсун.
Жакшы текст музыкадай угулат. Жазгандан кийин үн чыгарып окуп көр.

 

28. Ооруну да, жылуулукту да жаз.
Канчалык оор болбосун, ар дайым бир аз жарык көрүнсүн.

 

29. Оңдоо – зарыл этап.
Жакшы текст оңдолуп жаралат, оңдоо – ойдун тереңдеши.

 

30. Чынчылдык ыкмадан маанилүү.
Ыкманы үйрөнсө болот, чынчылдык – жазуунун жаны. Чын дил менен жазсаң, жөнөкөй болсо да жүрөккө жетет.

22.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.