Рюноске Акутагава
Түнт токойдун коюнунда
Дал ушул учурда кимдир бирөө шек алдырбай жаныма жакын басып келди. Айланам түгөл караңгыга чулганып калгандыктан ким экенин көрөйүн деген аракетимден эч кандай майнап чыккан жок. Ошентип, кимдир-бирөө… дал ошол кимдир-бирөө көкүрөгүмдө сайылып турган канжарды акырын сууруп алар замат, оозум кайрадан канга толуп чыкты. Мына ушундан кийин гана мен эсим-учумду биротоло жоготуп, түбөлүк уйкуга кеттим.
Которгон: Таштанбек Чакиев
27.12.2025