Токутоми Рока
Эки жүз иен
Жапон жазуучусу Токутоми Рока (1868-1927), чыныгы аты – Кэндзиро. Хёго провинциясында туулган (азыркы Кюсюга жакын Кумамото аймагы). Досися университетинде окуп жүрүп көп кырдуу билим алган. Атасынын таасири астында байыркы кытай жазмаларын окууну өздөштүрүп Конфуций жана Будда осуяттарын үйрөнгөн. Кийин Токиого барып, агасы Токутоми Сохо чыгарган «Кокумин-но томо» («Элдердин достугу») журналына ишке орношуп, ал жерден тез эле мыкты журналист жана публицист болуп чыккан.
Кийин «Жашабай койгон жакшы» (1899) аттуу тунгуч романы менен адабий атагы чыккан.
АҢГЕМЕ
Эмендин жаңгагы жерге “дүк” этип түштү. Анын жаңырыгы басылбай жатып, үйдүн айбанында бир киши көрүндү; ал жашы отузга жете элек эркек экен. Тыпыйган мурдунда эски жаранын изи агарып турат. Бутундагы жука тамандуу гэтасына жана жол-жол кездемеден тигилген желегине караганда соодагерге окшоп кетет.
Көзүнүн сурмасы кечки асмандай түнөрөт.
— Мени уккула! Бул мага сөзсүз керек… — ичкери кирип, босогону аттап-аттабай жатып, оор дем ала кеп баштады. — Мен бактысызмын, баарына катыным күнөөлүү… Силерге айтып берсем түшүнөсүңөр…
Ал адегенде аптыгып, сөздөрүн жеп алып атты. Бирок акырындап оюн даана-даана айтып, жүрөгүн жеңилдетип, кызуу дем менен сүйлөп кирди.
Көрсө, ал Сайтама префектурасында жашайт экен. Өгөй ата-энесинин колунда тарбияланыптыр. Алгач жибек курт менен соода кылып жүрүп күйүп кетип, ата-энесин сары чакасыз калтырат. Ирденем деп кайда гана иштебептир: Кореяда жашайт, ал жактан Маньчжуриянын Аньдун шаарына ооп барат. Ал жерде токойчулук кылат, бир зайыпка үйлөнөт. Түгөйлөр бир аз убак Аньдунда жашайт, бирок жагдай алар күткөндөй болбой, Далянга көчүп барышат. Бул орус-жапон согушунан кийинки жылы күздө болот.
Алар көчөрүн көчөт, лекин өздөрүнө ылайыктуу жумуш табышпайт. Маньчжурлар гана жашачу жеркепелерде эптеп жан багып жүрүшкөндө жалгыз наристелери көз жумат.
— Ажайып бала болчу, — деп улантты ал сөзүн. — Беш жашка жаңы гана толгон. Кызым мага аябай ынак эле. Ата журтубузда жашаган кезде үйгө келсем, аялымдын кабагы кардай түнөрүп тосуп алса, кызым “Ата! Ата!” деп сүйүнүп турчу. Калпагымды ордуна алып барчу, дайыма ушинтет эле.
Ал өпкөсүнө суук тийгизип алды. Мен доктурга жүгүрүп жетип, кызымды көрүп бер деп өтүндүм. Ал “Келем” деген бойдон келбеди. Бул тушта кызым чарчап калды. Ал көз жумгандан кийин бар үмүтүм жалп өчтү.
Доктур, элдин айтымында, христиан экен, а мен жакыр элем, ал ошон үчүн бизге христианчылыкка сыйбагандай мамиле кылгандыр. Береги доктур кийин өкүнүп, мага жасаган мамилеси үчүн жазаландым деп кайра-кайра кейип жүргөн имиш.
Ал жерди карап, бир топко чейин үн чыгарбай турду.
— Анан эмне болду?
— Анан кийин… Өмүр бою жумушсуз жүрө бербейсиң да, бир фирма бар эле… ал Даляндагы эң чоң фирма эмес, бирок эң белгилүү деп айтса болот, силер аны билесиңер… Мен шол фирманын кожоюнунун үйүнө кызматка орноштум.
Бул фирма бекеринен Даляндагы эң ири фирмалардын бири деп айтылбаса керек: кожоюндун үй-бүлөсү жыргап жашачу. Үйдө аялым экөөбүздөн башка дагы беш-алты киши иштечү. Кожоюндун зайыбы мыкты аял эле, бизден жакшылыгын аячу эмес. Ал бир мертебе кайсы бир иш боюнча Жапонияга кетти. Ал кеткенден эки жума өткөндөн кийин катынымдын пейли такыр өзгөрдү. Бул менин катынымбы? Же бөтөн бир суйкайган сулуубу? Мындай өзгөрүүдөн кыпындай да жакшылык болбоду, — деди ал сөзгө чакагандай кыйналып.
— Менин зайыбымдын жүрүм-туруму табышмакка айланды. Муну байкап, аңдый баштадым. Мен көп нерселерди түшүнбөдүм, акылым да жетпеди. Кожоюн арабада үйгө келет. Экинчи кабатта коңгуроонун үнү эшитилет — катыным ак белдемчесин тагынат дагы табакка коюп алып, кожоюнга сыра алып жөнөйт.
Мен болсо тепкичтин астында турам. Катыным мени көзүнүн кыры менен бир карап коюп, экинчи кабатка жүгүрөт. Анан бир саат, атүгүл эки саат ылдый дегеле түшпөйт десең. Эмне болуп атат деп, менин кулагым жогор жакта… жылаң аяк бутум менен дабыш чыгарбай кожоюндун кабинетине жетип эшикти тыңшайм, ачкыч салчу тешиктен ичкери жакты шыкаалайм… Эмнени көрөсүң, эшиң капкалың болсо… Ичкериде — тыптынч, алар эмне кылып жатышканын түшүнбөйсүң. Чынын айтсам…