Саади
Бустан: Экинчи бап
Күнү-түнү күч сынашыь көрдүңбү?
Жеңе алдыңбы, же жеңилип келдиңби?»
Деди желдет шах бутуна жыгылып:
«Бардым, көрдүм, о султаным, улугум!
Хатам калктын айтканындай бар экен,
Акылы ашкан эң бир айкөл жан экен.
Кенен экен, терең экен, ак экен.
Кең дүйнөдө жоктур адам ага тең!
Кан көксөдүм — калыстыкка урундум.
Жан көксөдүм — кечиримден жыгылдым».
Ал айтканды угуп акыл калчаптыр,
Айман шахы Таи уруусун алкаптыр.
Элчисин да сыйга аябай бөлөптүр,
Ага Хатам жоомарттыгы себептир.
Калкка сиңген актык менен ушундай,
Хатам аты нурдай, гүлдүн жытындай».
Которгон: Алым ТОКТОМУШЕВ
13.01.2026